Маселен, вождисттик партиялардын катарын толуктаган «Ата Мекендин» лидери Ө.Текебаев алкымдын азабынан ала койгон акчасы айыбын ачып, акыры жазасын алып темир торго түшүп отурат.

 

Ал ортодо Б.Шер өзүн жаңы «вождь» сезип, шефинин келишкис душманы Ө.Бабанов менен жолугуп, келаткан шайлоодо толук колдоого алам деп бекем убадалашууга жетишти. Ошондо Б.Шер кечээки эле шефин сатып кеткен болуп калабы? Же шефинин камакка алынышына сүйүнүп, таластык тууганымды колдоюн деп регионализмдин илдетинен арыла албай турабы?

 

Балким, Бабановдун жашыл акчаларына сатылып кеткендир. Айтор, орустар айтмакчы, «Король умер. Да здравствует король» болду окшойт.   

 

Саясат кургур адамгерчилик сапатты эсепке алгысы келбейт окшойт. Эри өлгөн зайып деле жок дегенде кыркы чыкканча кара кийип, ашын бергенге чейин төшөк жаңыртпай, карманып турат экен. А биздин «ата мекенчилер» Өмүкенин соту бүтөлек жатып (биринчи инстанцияда эле каралды), анын душмандашып жүргөн адашы – бала Өмүрбектин койнуна кире качышты. Болбосо Болот Шердин бул жоругун башка кандай баалоого болот? Өткөндө эле Ө.Текебаев УКМКнын тергөө абагында жатканда фракция лидерлери адамгерчилик принципти тутунуп, кесиптешинин абалын сурап барышкан. Ошондо Ө.Бабанов барбай койгон. Муну көргөн Ө.Текебаев «Адашым да келсе болмок, бул жакты көрүп койгону өзүнө жакшы эле» деп тамаша сөз айткан жайы бар.

 

Бизге жеткен маалыматтар боюнча кечээ жакында Ө.Бабанов убагында А.Акаевдин «Кошелёгу» болуп жүргөн М.Малабаев менен жолугуу өткөргөн. Эки «кошелёктун» акчадан башка сүйлөшөөр темасы жок экенин эске ала турган болсок, шайлоодо кимди кантип сатып алуунун соодасын бычышкан өңдөнөт. Б.Шердин өзүнүн социалисттик партиясын сатып, олигархтар тарапка өтө качуусунун себеби ушунда болуп жүрбөсүн?!