Ооба, өзү айтмакчы, “айланайындар, 60 эле күн калды. Анан мен да кетем кызматтан”,- деген Атамбаев эми алты жылга дейре кетпестигин ачыктады. Ишенбесеӊер, эми талдагыла.

 

Ушу тапта өлкөдө бийлик алмашуу жараяны жүрүп жатат. Тагыраагы, Президент Атамбаев бийликти ишенген жан-жөкөрлөрүнө өткөрүп берип атат. Дагы өзү айтты, “Мен тарбиялаган бала өкмөт башчы болду”,- деп. Андан соӊ  Алмазбек Атамбаев президенттик аппарат башчысына басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Үсөновду дайындады.  Жооптуу кызматка оор салмактуу эмес, таасирлүү эмес  кызматкердин дайындалышы эмнеден кабар берет? Анан да өкмөт алмашканы менен президенттин ыйгарымындагы УКМК башчысы Абдил Сегизбаев,  Коргонуу комитетинин  башчысы Мирбек Касымкулов кайрадан бекитилди. Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, Башкы штаб башчысы Райымберди Дүйшөнбиевди алмаштырууну мезгил эбак талап кылса да булар өз ордунда бекем калышты. Өзүнчө бир команда болуп келген Сапар Исаков, Толкунбек Абдыгулов, Темир Жумакадыров жана Дүйшөнбек Зилалиевдер нака өз балдары. Андан да кызыгы Атамбаев жасаган, жасабаган иштерин ревизияга албаш үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизилген. Азыркы жараяндарга негиз салынган. Анан кантип Атамбаев “кошкула” дегени атат? Эртеӊ Сокеси, жан досу президент болсо бийликтин баары Атамбаевчил болбогондо эмне болот, ыя?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №33, 30-август 2017-ж