Акыйкатчы деген коомдогу кайчы пикир жаралып, калыстык дарга асылып, акыйкат муунтулуп жатканда ак сөзүн айтпаса анын кереги не? Мындан улам акыйкатчы Кубат Оторбаев Биринчи Май райондук сотунун “Сентябрь” каналынын ишмердигин токтотуу боюнча чечимин аша чапкандык деп баалады.

 

Сот “Сентябрь” телеканалын “экстремисттик ишмердик жүргүзгөн”- деп күнөөлөп, жабуу чечимин чыгарган. Оторбаев өз билдирүүсүндө: “Сентябрь” телеканалын жабуу чечимин сот экстремисттик ишмердик жүргүзгөн деп негиздеген. Белгилей кетүүчү жагдай, “ишмердик” деген түшүнүк адатта байма-бай же системалуу түрдө, тагыраак айтканда, жок эле дегенде экиден ашык аталган багытта иш алып барды дегенди туюндурат. Бирок, “экстремисттик” мүнөздөгү материал 2016-жылдын 29-сентябрында бир гана жолу көргөзүлүп, андан бери бир жылга жакын убакыт өтсө дагы кайталанган эмес. Андыктан, телеканалдын ишмердигин токтотуу боюнча соттун чечимин аша чапкандык катары бааласа болот. “Сентябрь” телеканалына коюлган айыптоодо экстремисттик мүнөздөгү көрсөтүүлөр чыккандыгы айтылат. Маалымат тастыкталышы үчүн аталган багытта укук бузууларга орун берилип жатабы же жокпу деген суроону тактоодо атайын эксперттик билим керек. Телеканалдын кызматкерлеринде мындай адистештирилген билим жок болгондуктан, тигил же бул материал экстремисттик көз карашта экендигинен күмөн деле санашпаары мүмкүн. Дал ушул кырдаалды эске алганда Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишмердикке каршы туруу жөнүндөгү” мыйзамынын 8-беренесине ылайык алдын ала эскертүү берилүүгө тийиш эле. Экстремисттик мүнөздөгү материалдар жарыяланды (2016-жыл 29-сентябрь) деген мезгилден бери бир жыл убакыт өттү. Демек, бүгүнкү күнү, “Экстремисттик ишмердикке каршы туруу жөнүндөгү” мыйзамдын 11-беренесинде айтылгандай эч кандай оор шарт же окуялар болгон жок. Андыктан, бир адамдын бир жолу эфирге чыгып сүйлөп коюусун, мамлекеттин коомдук коопсуздугуна коркунуч алып келет деп бааланышы, чындыгында өтө эле көбүртүп-жабыртылган соттук чечим деп бааласа болот”,- деп агынан жарылды. “Сасык” сөзүн талдай албаган илимдер академиясынан төөчөлүк өйдө пикирин, талдоосун коркпой, этпей айткан Акыйкатчы Кубат Оторбаевге бали дейли...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №33, 30-август 2017-ж