Президенттик шайлоо катуу кызып аткан кез. “Ким президент болот?” деген суроо элдин баарын түйшөлтүүдө. 24 талапкердин ичинен үчөө – Сооронбай Жээнбеков, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов алдыга чыгып турган кезең. Жээнбековду бийлик, Сариевди тышкы күчтөр колдосо, Бабанов акчанын күчүнө ишенип атканы аңыз.

 

А дегенде бийлик талапкерине келели. Туура, Сооронбай Шариповичти бийлик колдоп, мамлекеттен айлык алган калың топ, түштүк электораты, динге ишенген мусулмандар... Чоң жана зор күч. Сокени эл эбедени эзилип сүйгөн үчүн эмес, “баары бир бийлик жеңет, башты оорутуп убара болбой Жээнбековду колдойлу” дешет бир даарлары. “Ким акчаны көп берсе, ошону шайлайбыз” дегендер Бабанды үмүттүү умсунуп турушат. “Акчасы көп, Бабанов эле утат” дешет алар. Үчүнчү чоң күч бар: “Россия, Путин кимди колдосо, ошол жеңет!” деген. Сариевди дал тышкы күчтөр, Астана менен Москва, тагыраагы Назарбаев менен Путин колдоору тууралуу жөө жомок дүңгүрөп жүрүп турат. Путиндин тышкы чалгын кызматынын башчысы, мурдагы Мамдума төрагасы Нарышкин Ташиевди кабыл алып, Сариевди колдоого чакырганы эл арасын “дуу” аралаган. Андан кийин Орто Азия боюнча куратор Нураке (Нурсултан Назарбаев) да Сариевди сүрөөрлүгү күбүң-шыбың болгонун эске алсак, Темир Аргембай уулунун жылдызы жанганы турат. “Сариевдин акчасы түгөнүптүр” деп чуулдатып атышат. Балким. Темике өз мүмкүнчүлүгү менен иштеп атат азырынча. Эгерде Кудай колдоп, Путин “ставка” койсо, эртең эле дүң этээрин саясат мыкчыгерлери жоромолдоп атышат. Океңдер ставка коюлган талапкерди эртелеп эркелетпесин, шайлоого капыл-тапыл, 10-15 күн калганда чачылаарын, агыл-төгүл кылып таштаарын 2011-жылкы Куловду андагы Орус ажосу Медведев кабыл алып, 3-4 күндө уу-дуу болуп, “Ар-намыс” партиясы алдыга күтүүсүздөн суурулуп чыккан мисалдан улам божурашууда. Андай болсо, шайлоого аз калганда Сариевди Путин кабыл алып, орус теле каналдары Темикени даңктап, Соке менен Өмүкени балчыкка оонанатып (эл билбеген, төбө чачты тик тургузган жосундарын ашкерелеп), кыргыздар 3-4кө бөлүнүп чакчалекей түшүп атканда шайлоочулардын үчтөн бирин түзгөн орус, өзбек баш болгон башка улут өкүлдөрү жапырт Сариевди колдоп, ага кошул-ташыл каражаттык колдоо жаап, Темикенин жылдызы жарк этээри айтылат. 

 

Эмнеси болсо да аз калды, көрөбуз, Жээнбеков жеңеби, Бабанов такка отурабы, Сариев зыргып чыгабы –  Кудайдын буйругу билет!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №33, 30-август 2017-ж