Бүгүн Жогорку Кеңеш башында Сапар Исаков турган жаңы өкмөт түзүмүн дайындоо алдында турат.
Депутат Дастан Бекешев Liglass Trading долбооруна кызыкты.
«Уят болуп калбайбызбы?» - деди эле, Исаков мындай жооп берди:
«Кыргызстанга өлкөгө инвестиция салууну көздөгөн чет өлкөлүк компаниялардын кайсынысы болбосун жол ачык. Liglass Trading – дагы алардын бири, бизде бир жарым жыл мурун пайда болгон. Ал сынакка катышкан. Келишим 4-августта күчүнө кирди, эми отуз күндүн ичинде компания биринчи 37 миллион сомду которушу керек. Андан кийин долбоордогу үлүштүн 50 пайызын Кыргызстанга беришет. Мен Кудай эмесмин, мындан акча келеби, жокпу айта албайм. Эгер акча келбесе, анда келишим бузулат. Мындан Кыргызстанга эч кандай зыян жок».