КР Премьер-министрлигине сунушталган талапкер Сапар Исаков КР Өкмөтүнүн жаңы курамы менен программасынын долбоору боюнча баяндама жасап, “Жаңы доорго 40 кадам” аттуу программанын алкагында иш алпара тургандыгын айтты. Анын айтымында, аталган программа Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында даярдалган. “Бул программа карапайым жарандарга дагы түшүнүктүү жазылган. Мен анын аткарылышына ишенем”,- дейт С.Исаков. Ошону менен катар ал жаңы өкмөт элдин экономикалык, социалдык бакубаттуулугун камсыздоону, коопсуздук жана жагымдуу чөйрөнү түзүүнү максат кыларын, анын негизинде этап-этабы менен ишке ашыра турган кадамдар сунушталаарын белгиледи.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар айрым тармактык министрликтердин ишинде кетип жаткан кемчиликтерге токтолуп, тиешелүү тармактарды өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды четтетүү боюнча КР Өкмөт башчылыгына сунушталган талапкердин ой-пикирин сурашты. Ошондой эле жол коопсуздугуна, коңшу мамлекеттер менен болгон чек араны тактоого өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Көпчүлүк коалициясы КР Өкмөтүнүн жаңы курамынын долбоорун жактырышты.
Сунушталган КР Өкмөтүнүн жаңы курамы төмөндөгүдөй:
КР Премьер-министри – Сапар Исаков;
КР биринчи вице-премьер-министри – Толкунбек Абдыгулов;
КР вице-премьер-министри – Дүйшөнбек Зилалиев;
КР вице-премьер-министри (социалдык блок) – Чолпон Султанбекова;
КР вице-премьер-министри (коопсуздук блогу) – Темир Жумакадыров;
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиев;
КР тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев;
КР ички иштер министри – Улан Исраилов;
КР юстиция министри – Уран Ахмедов;
КР каржы министри – Адылбек Касымалиев;
КР экономика министри – Артем Новиков;
КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев;
КР транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов;
КР өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов;
КР билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева;
КР саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Баатыралиев;
КР маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков;
КР эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова;
КР улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Абдил Сегизбаев;
КР коргоо иштери бонча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Мирбек Касымкулов;
КР өнөржай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Улан Рыскулов;
КР маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов.