Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Сапар Исаков менен аны командасын өкмөт курамына алып келүү маселесин карашууда. Башкача айтканда, Сапар Исаков өкмөт башчы катары алдыда аткара турган иш-пландарын тизмектеген программасы менен депутаттарды тааныштырууда.

 

Депутаттар тарабынан кандай суроо, маселе болбосун жаңы өкмөт курамы ашыкча сөз айтып убара болуп отурбай, «аткарабыз» деп гана кутулуп атышат.

 

Мисалы, депутат Айтмамат Назаров Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу суроо узатты. Депутат  жаңы өкмөт Кыргызстанды карызынан кутултуунун кандай жолдорун карап атат, же дагы да карыз алууну улантабы деп кызыкты. А Исаков буга: «Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган тармактарга насыяларды ала беришибиз керек. Сиздер менен кеңешебиз, чечкенге аракет кылабыз, бир аз убакыт бериңиздер», - деп депутаттын көңүлүн тынчтандырып койду.

 

Депутат Төрөбай Зулпукаров болсо болочок өкмөт курамынын беш жылдык долбоорунун сметасын сурады.

 

«Беш жылдык долбоор түзүптүрсүңөр. Беш жыл иштешиңерди каалайм», - деген Зулпукаров Кыргызстанда бир да өкмөт беш жыл туруктуу иштеп көрбөгөнүн кыйыткансыды. Андан ары: «Долбоорлоруңардын сметасы канча экен?»- деп сурады.

 

Исаков бул суроого да такалбады (ал буга чейин да эч бир суроого такалбай такылдап атат): «Сметаларды жаза албайбыз. Аны министрликтер жана жеке компаниялар иштеп чыккан улуттук долбоорлорго карата чыгарышат. Бул жумуш алдыда, сметасын чыгаргандан кийин сиздин алдыңызга сөзсүз алып келип берибиз», - деди эле депутат да компоюп, Исаков да кутулуп алды.

 

Айтор, «хоп, ляппай» деп атып, өкмөт башчылыгына келип алса, анан калганы боло берет да…

 

 

 

Фото Мелиса Аспекова.(Фото Фейсбук тармагынан алынды)