Бишкек, «Саясат. kg». Сапар Исаковдун программасы 9-класстын окуучусунун «Каникулду кантип өткөрөм?» деген темада жазган дилбаянына окшошуп калды. «Ошондой болуп атат да», «аткарабыз го», «программабызда бар» ж.б. ишенимсиз сөздөр менен чектелип атат.

 

 Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка сунушталып аткан Сапар Исаков менен жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн программасы менен таанышууда. Болочок премьер-министр Сапар Исаковго өлкөнүн тагдырына байланышкан бир катар суроолор депутаттар тарабынан берилди. Кызыгы, өкмөттү башкарчу адамдын программасы так, даана план-максаттарга негизделбей, баары «аткарабыз» деген куру сөз убада менен чектелип аткандагысы.

 

Депутат Кожобек Рыспаев Сапар Исаковго милиция тармагы тууралуу суроо узатты. Ал тартип сакчыларынын иши оор, бирок, айлык акысы аз экенин эске салып, жаңы өкмөт бул багытта кандай иштерди алып бараарын сурады. Ага Исаков «Сиздин көтөргөн маселеңиз абдан туура маселе. Бул боюнча программабызда бар, аткарабыз», - деди. Программасында милиция тармагы тууралуу кандай пландар бардыгын, айлык маянасын көтөрөбү, же ишин жеңилдетеби – так жооп болбоду. Кыскасы, «аткарат». Кандай жол менен болбосун, аткарат. Иши кылса, «аткарам» деп өкмөт башына барып алса болду.

 

Депутат Карамат Орозова жаштардын сырткы миграциянын толкунуна кабылганын айтты.

 

«Билимдүү жаштарыбыз сыртка мигрант болуп кетип атышат. Жаштардын билимин өлкө пайдаланышы үчүн эмне кылуу керек?» - дегендей мааниде суроо берген депутатка болочок өкмөт башчысынан абдан кызык жооп кайтарылды:

«Сиз айткан көйгөй абдан чоң көйгөй. Муну системалуу чечебиз. Жаштар мисалы, экономика адистигинде көп билим алышат. Анан окуу жайын аяктагандан кийин кесиби боюнча жумуш таппай, сыртка мигрант болуп кетип атышат. Ошондуктан, окуу жайларды көзөмөлдөп, жаштарга башка кесиптер боюнча стимул беришибиз керек. Карамат Бабашевна, келечекте бул маселе боюнча сизден консультация алып иштешебиз».

 

Сапар Исаков жообун билбеген суроого эң мыкты жооп «сиздики абдан туура, буйруса аткарабыз» болоорун жакшы жаттаган окшойт.