Бүгүн, Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт башчысын жана анын мүчөлөрүн дайындоо алдында турушат. Бул үчүн президент парламентке кезексиз жыйынга чогулуу көрсөтмөсүн берип, кат жөнөткөн.

 

Премьер-министр болушу мүмкүн деп айтылып аткан Сапар Исаков жыйынга келгенде, жаңы өкмөт курамын негиздейт деген чиновниктер тизилип төрдөгү орундуктарда отурушкан. Исаковду көрүп, ордуларынан туруп, ийилип салам беришти. Аз жерден таазим кылуудан кайтышты. Алар Исаковдун командасынын катарында өкмөт курамына бекитилишээрин жакшы билишет. 

 

Ушундан улам бүгүнкү жыйын жыйынтыгы алдын ала белгиленген жөн гана спектакль экени, жогору жактан Сапар Исаковдун өкмөт башчы болоору эчак чечилгени белгилүү болгонсуду. А депутаттар бири каршы болушумуш болуп, бири жактап пикир жаратышса деле, добуш бере келгенде жыйынтыгы Исаковдун пайдасына оодарылат. Сапар Исаковду жаңы кызмат оруну менен куттуктай берсек болот!