(Саясый кырдаал тууралуу узун маектин уландысы)

 

- Сабыр байке, баягы узун кептин учугун улайлы... Бүгүнкү күндүн жаңылыгы Сооронбай Жээнбековдун отставкасы болууда. “Бийлик башындагылар эмне себептен мындай кадамга барды?” деген суроого ар түркүн пикирлер айтылууда. Сиз кандай дейсиз?

 

-Эми, Сооронбай Жээнбековдун (Соке) өкмөт башчылыктан кетпей эле, президенттикке талапкер болгонуна байланыштуу ыйгарым укуктарын биринчи орун басарына табыштап, шайлоого катышып, өтпөсө кайрадан ишин улантууга акысы бар болчу. Кийинки отчеттук периодго чейин иштеп, отчет бергенине мыйзамдын каршылыгы деле жок болчу. Бул президентти жана Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын 21-статьясынын 5-бөлүмүндө бакыйып жазылып турат. Бирок, Сокеге ал жолду эмес, башка жолду сунушташкандан улам азыркыдай кырдаал жаралып отурат. “Сени өткөзсө ордунда калуу шансы бар, өткөзө албаса өзүнө жаман, булардын сен үчүн жандалбастагандан башка аргасы жок, өз ишиң- шайлоо менен алек бол. Башыңды оорутпа, өткөзсөк болдубу (?), ал сага эле эмес баарыбызга керек!”- дегенге ынанбагандан башка арга деле калбагандай. Айтор, азыркы бийликтин өтө жакын айлана чөйрөсү кандай жол менен болсо да бийликти сактап калуу аракетине өтүп, жандалбастап жатканы ачык көрүнуп турат. Б.а., булар консолидированно аракеттенүүгө мажбур. Болбосо баарына жаман болоорун билишет. Андыктан Сооронбай Жээнбековдун бул планга өтө нааразы мамиле кылышы деле анча орундуу деп айта албайбыз. Тек гана коомчулуктун көңүлүн озүнө буруп, “каршы болуу”, пиар жасоо аракети катары бааласак болот. Бирок, айланасындагы “досторунун” албуутанып, Сапарга каршы “кара пиар” ыргытып жатканы деле көз жаздымда калган жок. Бу деле бекеринен эмес, “орустун “жакшылык” үчүн берген куралдарын тымызын Украинага сатканга тиешеси бар” делип, президентти кошо республиканын аброюна шек келтиргендиги эл аралык СМИлерде айтылып жүргөн адамдын кедергиси эртели кеч жаманаттыга кабылтат деп чочулоодон улам, Сапардан башкасын, мисалы ошол эле КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун тандемдеш болуусун каалагандан улам чыгып жатат деген пикирлер да жок эмес. Сокенин талапкерлигинин көрсөтүлүшүнө оң көз менен караган коомчулук анын кийинки кадамы, Сапар Исаковдун премьер-министрликке  көрсөтүлүшүн өтө терс кабыл алды. Сапар Исаковго токтолгон Алмазбек Атамбаевдин пикирин коомчулук турмак КСДПчылар түшүнө албай аң-таң болуп, нааразычылык билдирүүлөр да чыга баштады. Өкмөттүн отставкасын тезинен кабыл алып, кезексиз ЖКнын жыйынын чакырган президенттин аракетин деле кыргыз коомчулугу ар башка талкууга алып, ар кандай кептер чыгууда. “Коррупция менен күрөшөм”- деп шымалаган Атамбаевдин бул жоругуна эл айрыкча аң-таң. Коомчулук деле, интернетте пайда болгон чуулгандуу окуялардын башкы каарманы болгон Сапар Исаков үчүн президентибиз катуу туруп атканын байкаган соң, “два сапога пара” деген орус макалындагыдай, “демек, өзү кошо аралашкан да” дегенден башка айтары жок! Элдин баарын ууру тутуп, аксынып каматып, чамынып жаткан ажообуз антсе өлгөнүбүз ошо да. Айтор, “сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт” демекчи, эл башчыбыз де кетээринде арааны ачылып, кызылга кызыгып калганбы? “Алтынды көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр” деген... Кантели эми. Бара көрөбүз да.

 

- Сапар Исаковдун ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай кептер айтылууда. Мурунку кожоюндарын көз ирмебей сатып баса берген адамга Алмазбек Атамбаев кандайча ушунчалык ишенип алган деген суроолор көп болуп жатат?

 

- Жамуханы жан жөөкөрлөрү байлап, матап алып Темүчинге (Чынгызханга) алып келгенде Чынгызхан кандай кылды эле? “Өз кожоюнуңарды саткан мени да көз ачып жумганча сатасыңар” деп дароо башын алдырган да. Андыктан эртең “погода” өзгөрсө Сапар биринчилерден болуп Алмазбек Атамбаевди сатпайт деген кепилидик жок. Буларды бириктирип турган ортодогу “общак (орток иштер, каражаттар)” да кепил боло албайт. Элдин баарын бакиевчилерсиңер деп жамандап жатып, Максимдин шылуундары менен шынаарлаш болуп калганын эл билбечүдөй болуп эле күпүлдөй бермейинин деле күнү бүтүп калды. Анткени күн өткөн сайын коомчулуктун деле көзү ачылып, баарын түшүнө баштады. Анүстүнө, эл ичинде, - Сары багышмын деп жүргөн Сапар Исаковду Кочкорлук туугандары “кирме, өзбек, миң темене” деген кептерди айтышууда. “Бабасы (чоң чоң атасы) Анжияндан келген өзбек мин темене (чон ийне) алып келип, бир теменесин бир койго сатып, миң койлуу болуп, баласынын атын Койлубай коюп, Сарыбагыштын ичинде калып калган”- деген кептер уу-дуу болуп айтылып жатат. Кокондон келген өзбектин тукуму делип ЖМКларга жазылып жүргон Алмазбек Атамбаевди деле чукулда Кыяз Молдокасымов Алматынын архивин чукуп атып кыргыз кылды эле, эми Сапар Исаков кайсы архивди каздыраар экен? Эки ортодо Алмазга ичи чыкпагандар деле жаңы сөз чыгарып: тигине, “кыргыздар кадырымды билген жок” деген немеңер, дагы бир өзбегин сүрөп жатат” деген ойду айтышууда. Бирок кеп анын улутунда деле эмес, Кыргызстандын жараны болгон соң боло берсин. Кептин баары биринчи ирет анын,  ЖМКлар жарыялап жаткан баскан жолунда болуп жатпайбы дегендер арбын.

 

- Эми кандай болот? Ушинтип эле көтөн зордукка салып, кезексиз жыйын өткөзүп, каалаганын өкмөт башчы кыла берсе кандай болот?

 

- Бул эми биринчи ирет болуп жаткан жок. Парламент депутаттары араң жан болсо, тизип алып, тоңкойто берүү кимге жакпасын? Өзүлөрүнөн өзүлөрү чөгөлөп атса сен да ошенткенди кааламаксың. Эми азыр депутаттар, жанагы ЖМКлардагы төбө чачты тик тургузган материалдар боюнча оюн айтып бөгөт коюшу керек. Болбосо аларга океңдер айтмакчы “грош цена”. Менин угушумча парламенттик оппозиция Бакыт Төрөбаевди премьер-министирликке алтернатива катары сунуштаары айтылды. Мындай позицияны албетте колдоо керек. Анткени, бөк түшпөй, саясый атаандаштык болгон жерде гана өнүгүү болоору дүйнөлүк практикада далилденген.  

 

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: “Майдан. kg” гезити