Картинки по запросу Ренат Самудинов

 

Карт саясатчылардын кызматсыз калса эле оппозиция жээгине өтө качмай адатын саясатка жаңыдан баш багып аткан айрым жаштар деле катыра өздөштүрүп алышты. Өтө алыстабай эле ток этеринен баштайлы.

 

Ѳзүн КСДПнын жаштар канатынын лидери атап жүргөн Ренат Самудинов бүгүнкү күндө “жылуу колтук” издөө менен алек. Жакында эле борбор калаабыздагы кафелердин биринде Ренат Самудинов менен “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун жакын адамдарынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун жашыруун жолугушуусу болгонун кѳргѳндѳр бизге акырын шыбырап келишти. Ага кулак түрсѳк, бул жолугушууда Сабиров Самудиновго: “Өмүрбек Бабановдун пайдасына иштеп бер, ал эмгегиң үчүн сага финансылык жактан да, жакшы жумуш таап берүү жагынан да жардам болот” таризинде сунушту айтыптыр. Ансыз да КСДПга “таарынычы” күч алып, “эмне кылып өч алсам” деген ойго башын “тырыштырып” отурган Ренат мырзага бул сунуш майдай жагып, башын ийкегилеп отурду дейт.

 

Картинки по запросу Бабанов

 

Бул жолугушуу жашыруун болду деп ишенимдүү айта алабыз. Себеби, түн катып  кафеге сүйүшкөн кыз менен жигит эле барбаса, башка нормалдуу адамдар үйүндө укташат. Ал эми коомчулуктун жашыруун иш жасагысы келгендер ушинтип түн киришин күтүшөт эмеспи. Айтор, эмнеси болсо да Р.Самудинов алдыдагы президенттик шайлоодо Ө.Бабановдун пайдасына иштей турганын билип алдык. Жакынкы күндөрү эми социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынан ушул багытта үгүт иштерин баштаса таң калбай деле койсок болот.

 

Эми Р.Самудиновдун КСДПнын катарынан чыккандан кийинки жасаган аракеттерине бир саресеп салып көрбөйлүбү? Ал партиянын катарынан чыгып калганын билгенден кийин өзүнүн социалдык түйүндөрдөгү баракчасы аркылуу партия жетекчилигине нааразычылыктарын билдирип чыкты. Адегенде териштирип, өзүнөн кандай катачылык кеткенине да бир саресеп салып көргүсү келген жок.

 

Андай аракетинен майнап чыкпаган соң түз эле Ѳмүрбек Текебаевдин сотуна барып катышты. Анан “Фейсбуктагы” баракчасына өзүнүн Текебаев менен чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырып, аны актаган пикирин жазып чыкты. Ошол эле убакта анын адвокаттары менен чогуу сүрөткө түшүп, анысын да жайгаштырды. Анын айтымында башкы “атамекенчиге” карата козголгон кылмыш иши мыйзамсыз болуп, жасалган кылмыштын далилдери жок болуп атыптыр. Минтип тыянак чыгара салгыдай Р.Самудинов сот беле деген суроону бергендер көп.

 

Анан эле мурда кайнаса каны кошулбай келген “жаңы муунчулар” Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов, Мелис Аспековдор менен чогуу бир столдо тойдо отурушкан сүрөтүн соцтүйүнгө жайгаштырды. Мунусу менен да ал КСДПга “көрдүңөрбү, силер мени баалабасаңар, башкалар минтип баалап алат” дегендей ишааратты жасагансыды.

Анан Текебаевдин “Сентябрь” телеканалына маек куруп "Бир жылдан кийин КСДПдан коньюктурщик-олигархтардын баары качат" деген пикирин айтты.

 

Ырас, КСДП тазаланышы керектигин буга чейин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да билдирген. Азыр эле тазаланып баштады десек да болот. Маселен, Ренат Самудиновго окшогон позициясы жок, бир эле күндө таптакыр башка жээкке өтө качканга даяр мүчөлөрүнөн тазаланып атат.

 

Ошентип ал куру кыялында “Текебаевди колдоп, аны боштондукка чыгарып алсак, “Ата-Мекен” партиясынын жаштар канатып жетектеп калам” деген ойдо болду окшойт. Бирок, сот башкы “атамекенчини” 8 жылга эркинен ажыратты.

 

Анан аргасы куруган Самудинов башка жылуу “колтук” издей баштады. Тагыраак айтканда, аны колтугуна корголоткусу келгендер өздөрү тапты, макалабыздын башында айтып кеткен сунуштары менен. Ошондон кийин эле Ренат мырза Бабановдун камчысын тымызын чаба баштады. Анын бул аракетин “Фейсбуктагы” баракчасына “Скандал с чешской компанией вокруг Сапара Исакова продолжается”- деген темадагы оппозициялык басылманын жарыялаган макаласын илгенинен билсек болот.

 

Буга чейин кыргыз өкмөтү менен чехиялык Liglass Trading компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу боюнча келишимге кол коюлган. Чехиялык компания тендерге катышып, бардык шарттарды аткаруу жолу менен уткан. Компаниянын өкүлдөрү ГЭС курулушун толук каржылоого, ошондой эле Кыргызстандын россиялык мурдагы инвесторлор алдындагы 37 миллион доллар карызын 30 банктык күндүн ичинде төлөп берүүгө даяр экендиктерин билдирген. Бул келишимге кол коюлгандан кийин эле чехиялык компаниянын дарегине карата маалыматтык чабуул башталган. Адегенде аны белгисиз эле каражаты да жок компания деп чыгышкан. Эми болсо Чехиянын Тышкы иштер министриги Liglass Trading компаниясынын Кыргызстан менен келишими боюнча атайын кызматка кайрылды деген такталбаган маалымат таратылып, ага Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковду да аралаштырышууда. Тактап айтсак Чехиянын анча популярдуу эмес Lidove Noviny басылмасы  С.Исаковдун сүрөтүн чаптаган "Кыргыз Минары тактыны каалайт” деген макаласын үстүбүздөгү жылдын 21-августунда жарыялаган. Анан ошол эле күнү ал макала орусчага которулуп, Кыргызстандын окурмандарына да таркатылган. Чехияда убакыт бизге салыштырмалуу төрт саат аркада экенин жана ал макала чехиялык басылмада 21-августта жарык көргөнүн эске алганда, ошол эле күнү таң эрте макаланын орусча варианты кыргыз коомчулугуна тартууланып калганынын сыры эмнеде болушу мүмкүн? Көрсө, мына ушунун артында кадимки “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Ө.Бабанов турат экен. Ал Европадагы байланыштары аркылуу чех ММКларын көтөрүп, ызы-чуу салдырып жатыптыр. Максаты эле азыркы бийликти Европанын оозу менен жамандатуу, өзүнүн саясый беделин кайра кайтаруу экен. Ошону менен катар эле жакында эле Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматты тапшырып берди, эми анын ордуна президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун келиши мүмкүн экендиги айтылууда. Анан өкмөт башчылык кызматтын даамын мурда татып көрүп калган, кайра да ошол кызматка барсам деп кыялданган Ө.Бабанов минтип эми Сапар Исаковго маалыматтык чабуул жасап баштаган тура. Ал эми мындай чабуулун Кыргызстанда күчөтүү үчүн Ренат Самудиновго окшогон позициясы туруксуз жаштарды пайдалануусун улантууда. 

 

Асанбек Бердикожо уулу