Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын премьер-министри катары бүгүн акыркы жолу өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Ал өкмөт башчылык кызматын өткөрүп берип жатканын айтып, соңку жыл ичиндеги жетишкендиктерге токтолду. Өлкөнүн ички дүң өнүмү алты пайыздан жогору өскөнүн айтты жана элге жакын иштегенин белгиледи:


- Биз элге жакын өкмөт боло алдык. Муну ачык айтып койсок болот. Өкмөттүн жетишкендиктери - эл талап кылган иштердин жыйынтыгы болду.

 

Сооронбай Жээнбеков бүгүн БШКда президенттикке талапкер болуп катталды. Ал 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган.

Жээнбеков премьер-министрликке былтыр 13-апрелде келген. Ал кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазууну чечкенин, бул маселе боюнча бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугаарын айтты.

 

Буга чейин интернетте коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаковду көрсөтөрү тууралуу маалымат чыккан. Бирок бул кабар расмий түрдө тастыктала элек.

 

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. Ага катышам дегендердин саны башында 60ка жеткен. БШКнын расмий каттоосунан буга чейин "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өткөн.