Ушу тапта өлкөдө президенттик шайлоого карата кызуу даярдык жүрүп жатат. Бийлик талапкери кызматын пайдаланып, Кыргызстанды бир айланып, кыйыр түрдө өзүнө реклама жасап, чындыгында, жергиликтүү бийликке катуу талап коюп, штабдарынын абалын байкап келүүгө үлгүрдү. Мамлекеттик телеканалдар болсо “ур барабан тарт сурнай” деген ыкма менен аны жаркылдата ири планга алып, алдына жан салдырбаган айыл чарбачыл, өндүрүшчү катары көрсөтүп бүтө албай жатышат. Кыскасы, мамлекеттик машина азыр толугу менен бийлик талапкерине күжүлдөп иштеп жаткан чагы. 

 

Бирок, кызыгы президенттикке талапкер болуп жаткан жоон топ саясатчылардын арасынан жалгыз Темир Сариев гана бул боюнча үн катып, мыйзам алдында баардык талапкерлер үчүн бирдей талаптар бар экенин, ошол эрежени кармануу менен аракеттенүү керектигин айтып чыкты. Ошондой эле ал президентке тиешелүү “Форум” ишканасында  мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдарды бузуу менен бир талапкердин пайдасына аракеттенип жатышкандыгы тууралуу да фактылар бар экенин билдирди. А эмне үчүн башкалар дагы Темир Аргенбаевич көргөн мыйзам бузууларга көз жумушууда? Же анын баары эртең ошол бийликчил талапкердин акырына баш салып берчүлөрбү?!  Суроо так, жооп жок...

 

Ал эми дагы бир күчтүү талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов болсо өткөн жумада жүз миңден ашуун жарандын колун топтоп, салтанаттуу түрдө БШКга тапшырды. Ал мунун менен албетте өзүнүн тарапташтарынын азыртадан эле жетиштүү экендигин билгизейин деди окшойт. Ошону менен бирге эле эмнегедир анын интернет айдыңындагы үгүт кампаниясы дагы бул жумаларда кыйла басаңдап калды. Буга анын жактоочуларынын ачык эле добуш берүүгө үндөгөн чакырыктарды таштап, каршы мааанайдагы жарандар менен кызыл-чеке айтыштарга түшүп, алакачма аракеттерге баргандары себеп болду окшойт. Анын үстүнө  БШКга Өмүрбек Бабановду шайлоо мыйзамдарын бузууга айыптап, беш-алты арыздын түшкөнү алда ненин башын кылтыйтты. Башкача айтканда, бул арыз таштоолор менен мамлекеттик машина “Өмүке, оюнду акырын ойнобосоң, алакандай кагаз менен эле талапкерликтен тоголонуп түшөсүң” деп кыйыр эскертүү жасап койгондой...

 

Анда ары уласак талапкерлердин арасынан Темир Сариевдин упайы күн сайын өйдөлөп баратканын айтышат. Аны менен сүйлөшүүгө келип, ыктап, симпатиясын билдирип жаткандардын аягы тыйылбай, коомчулукта “Сариев экинчи турга чыгат” деген ишенимдүү божомолдор да чыгып жатат. Кызыгы,  башка атаандаштарына салыштырмалуу Темирде эч кандай административдик да, партиялык да рычаг жок.  Ал министрликте, өкмөттө иштеп турганда да өзүнө берилген фанат, темир ысытып басса ооз ачпай турган ишенимдүү жигиттерин деле чечүүчү кызматтарга жан талашып койо калган эмес. Партиясы дагы парламентте жок, жергиликтүү кеңештерде деле жетиштүү. орундарды алган эмес. Демек, анын башкаларга караганда бул жагынан колу өтө кыска. Бирок, буга карабай анын ишенмдүү түрдө алдыңкы үчилтикте бара жатканы өтө табышмактуу көрүнөт. Анткен менен ага да жооп таап көрөлү.

 

Биринчиден, анын таянганы-бай тажрыйбасы! КПССтин комсомол уюмунан эгемен өлкөнүн премьер-министрлигине чейинки бай тажрыйбасы менен ал башкаларга караганда элди ээрчитип баратат. Тажрыйба болгондо да - таза тажрыйба! Оозубуз көнүп калган боюнча айтсак, Темир Сариев Акаев-Бакиев доорлорунда бийликке биротоло башмалдак атып чуркабай, дайыма эл тарапта болуп, оппозициянын эң салмактуу лидерлеринин бири болгону, ошол эле убакта куру сөз менен куурай башын сындыра бербей, мыйзамдарды жазып, экономиканы өнүктүрүүгө мыйзамдык жол чабуунун устаты болгону, бюджеттин бир тыйынынан бери жеп-ичээр паракорлордон коргоп калууга аракеттенип келатканы, тажрыйбасынын салмагын кыйла арттырып турбайбы.

 

Ал жагын айтпасак да, акыркы жылдардагы экономикалык өнүктүрүү министри, премьер-министр болуп турган учурунда өлкөнү ири экономикалык интеграцияга татыктуу киргизип, биздин чакан бюджет, аз сандуу калкты бучкагына теңебей турган Орусия, Белорусия сыяктуу ири мамлекеттер менен тең ата болуусуна так ушул Темике катуу аракет жасап, Бажы биримдигинен татыктуу орун алуубузга кызылдай эмгек сиңирген эмеспи. Башкаларга караганда Кытай сыяктуу ири державалар менен чектешип турган артыкчылыгыбызды алардын көзүнө баса көрсөтүп, бирикмедеги үлүшүбүздүн арбышына, Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөр менен алака-катыш кылууну кыйла жеңилдетүү боюнча аракеттери анын дасыккан саясатчы жана мекенчил ишмер экендигин  көрсөттү.

 

Мына ушундан улам анын айланасына саясатчылардын чоң тобу ыктап,  элеттеги элдер дагы саясий туруктуулугу жана иш билгилиги үчүн ага добушун берүүгө макул болуп отурушат. Баса, туруктуу позиция демекчи, Темир Сариев ушул убакытка чейин саясаттагы тарапташтарын бир да жолу талаага таштап кеткен эмес экен. Иштин кызыкчылыгы үчүн ар кандай сыноолор болсо да чыдап, кыска кызыкчылыктар үчүн кимдир бирөө менен шилекей алыша дос болуп, кол алышып, ант беришип, “төөсү кыядан өткөн оң”  алаканды “шак” чаап,  ар шылтоону айтып, элдин ишенимин уурдап көрбөптүр. Мына, Темир Сариевдин табышмактуу сыры ушул!

 

 

Жаныбек Сарыбаев, Булак: “Майдан. kg гезити