“Биз техникалык жетишкендиктердин заманында жашап жатабыз. Аны бирок айрым кызматтар арам аракеттер үчүн пайдаланып келе жатканы белгилүү. Буга чейин да мыйзамсыз жолдор менен саясатчылардын сүйлөшкөндөрүн жаздырып алышып, анан аны монтаждап, элге жаманатты кылып, ошонун негизинде камап, соттоп келгенин эл унутпайт. Бул да ошондой “...гейттердин” бири. Биздин сөздөр бурмаланган. Кимдир-бирөөлөр үчүн Текебаевдерге карата чечим чыгардын алдында ушундай “трюктар” керек болгон окшойт. Мен буга маани деле бергим келген эмес, бирок, кайра-кайра аны көрсөтүп, өздөрүнүн пайдасына коомдук пикир түзүп жатышкан соң, айтып койгум келди – азыр техниканын артыкчылыктары баарыбызга белгилүү, монтаждап, бизди шылдыңдагылары келген”,- деди бизге берген маегинде “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев.

 

- Мен эч качан калп айткан адам эмесмин,- деп улады өз сөзүн К.Ташиев, - Текебаевдин сотунда эмне деп айткан болсом, анын баары чындык. Жаздырып алышкан сүйлөшүүдө да ошону эле айттым. Баары азыр булар айтып чыккандай эмес. Текебаевдин сотунда эч кимибиз жалган көрсөтмө берген жокпуз. А булар  монтаждап алышып, жанын жеп жатышат. Чынында кимдер калпычы экенин кыргыз эли жакшы билет эмеспи... Мен аларды Кудайга койдум....