“Майдан. kg”:  Мадумаров, Келдибеков, Ташиев, Төрөбаев кимге каршы бирикти?

 

Төлөгөн Келдибаев: Төрт саясатчынын биригиши президенттик шайлоодо жеңишке жетүүнүн ыңгайлуу жолу, башка жол жок. Анткени эл каалайбы жокпу бийлик ресурсу Ак үйдөн  баштап бала бакчага чейин иштеши мүмкүн. Мындай көрүнүшкө туруштук берүүгө көпчүлүк президенттиккке талапкерлердин мүмкүнчүлугү жетпейт. Шайлоо үч же төрт талапкердин ортосунда гана болоору белгилүү болуп калды. Бул биригүү Сооронбай Жээнбеков үчүн биринчи чоң сокку болот. Экинчи сокку Сооронбай Жээнбеков көп жерде “Алмазбек Атамбаевтин ишин улантам” деген сөзү  менен өзүнүн кадыр-баркын  кетирип жатат .СДПК 7 жылдык   бийлгинин тушунда ички, сырткы миграцияны токтото албады, жумушчу орундар түзүлбөдү, паракорлук, мамлекеттик башкарууу системасындагы коррупциялык схемалар жоюлбады. Татыксыз, билимсиз, тажрыйбасыз эл  каалабаган жетекчи, өлкө үчүн пайдасыз чиновниктер көбөйдү. Кландык топтор түптөлдү, шайлоолорду таза өткөрө алышпады, сот адилеттүүлүгү орнободу, ушуга окшогон негиздүү себептер көп.

 

Ал эми  бийлик административдик жана каржылык ресурсту колдонушу толук мүмкүн, эл ичинде бийлик талапкеринин, дегеле жалпы бийликтин кадыр-баркы жоктугун өздөрү да жакшы билишет. Буга чейинки жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо кантип жеңишке жетип келишкенин коомчулук билет. Эгерде бийлик тарабынан президенттик шайлоодо мыйзамсыз көрүнүштөргө жол берилсе, мөөнөтсүз нааразычылык акциялар өлкө боюнча чыгып кетиши мүмкүн.

 

Ошондуктан азыркы өлкө башчы А.Атамбаев тарыхта жакшы тамгалар менен жазылып калгысы келсе элдин тынчтыгын, өлкөнүн стабилдүүлүгүн ойлосо, партиясынын кызыкчылыгынан жогору коюш керек. Шайлоонун  жыйынтыгын коомчулук жана эл, президенттик талапкерлер тааныбаса саясий кризис башталат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити