Буга дейре президентикке ат салышкан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жолбашчысы Адахан Мадумаров, “Ата-Журт” партиясынын тең-төрагалары Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев өз ара биригишкендигин шардана кылышкан эле. Соңку сааттарда булардын сабына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жолбашчысы Бакыт Төрөбаев дагы кошулгандыгын жарыялады.

           

- Ошондон бери бизде тыным жок! Артыбыздан күнү-түнү аңдыгандар ого бетер көбөйдү. Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча түштүк  башкармалыгынын кызматкерлери “Ата-Журт” партиясынын эң активдүү мүчөлөрүн Ош шаарындагы спорт клубдарында машыгышкан балдар аркылуу ачык эле коркутуп-үркүткөнгө өтүштү,- дейт “Ата-Журт” партиясынын Оштогу штабынын жетекчиси, коомдук ишмер Шайлообек Атазов.

 

Мындай маанай Кыргызстандын башка аймактарында дагы күчөгөндүгүн бир катар партиялар дагы мурда айтып чыгышкан эле.