Журналисттердин макаласына териккен Бабанов ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков аркылуу БШКга арыз жазды.

 

Маалыматка караганда, саясатчы Argument.kg  жана  Gezitter.org сайттарына нааразы болгон.

 

Argument.kg сайты саясатчынын тил комиссиясынын мүчөлөрүнө акча бергени тууралуу макала жарыяласа,   Gezitter.org аны которуп, сайтына жайгаштырган.

Андан тышкары Chagylgan.kg сайтына да нааразычылык билдирген. Анда жарыяланган макалада Бабановдун шайлоо фондун айрым мамлекеттерде, мисалы Түркияда террористтик уюм болуп эсептелинген уюм каржылап атат деп жазылган.

 

Эрик Ирискулбеков журналисттерге чара көрүүнү БШКдан өтүндү.