«Эки тоонун чөбүн эңсеген улак» эмне болчу эле? Ачка калат да. Чыныбай Турсунбеков ал жактан да, бул жактан да жок ачка калбайын деп акыры КСДПнын чечимине баш ийүүгө мажбур болуптур.

 

Эске салсак, буга чейин Атамбаев маалымат жыйынында Чыныбай Турсунбековдун президенттик шайлоого баргысы келип атканына пикирин билдиргенде, «Эгер ал КСДПнын чечимин сыйлабаса, партиянын катарынан чыгарууга мажбур болобуз», - деген өңүттө айткан.

 

А Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого ат салышууга каалоосу күч болуп, КСДПнын сьездинде кызыл чеке болуп айтышып да кеткен. Аны эмес, Сооронбай Жээнбековду тандап алган партиялаштарына ачуусун ачык бүркө албаса да, узун кеп таарынычын ортого салып, башкалар эптеп «бас-бас» кылган болчу. «Мен баары бир шайлоого катышам!» - деп күчтүү дымакта жүргөн Турсунбеков бүгүн маалымат жыйынын берди. Анда, шайлоого барбай турганын, парламенттин спикери катары өз милдетин улантаарын айтты.

 

«Бир катар ММКлар мени мамлекет башчысы менен президенттик тактыны соодалашып атат деп жазып чыгышты. Мен президенттен өзүм үчүн, же туугандарым үчүн эч убакта «кресло» сураган эмесмин. Мындай практика менде болбогон. Спикер катары президент менен жолугушуп эле жүрдүм, бирок, эч нерсе сурабадым», - деди Турсунбеков.

 

Бирок, ошол эле убакта Турсунбеков талапкер болуудан өз каалоосу менен эмес, кандайдыр бир кысталыш абалдан улам баш тартууга аргасыз болгонун кийинки сөздөрү маалымдап койду:

 

«Көптөгөн партиялаштарым мени президент катары көрүүнү каалашты. Алардын арасында саясий кеңештин да мүчөлөрү бар. Реалдуу жетекчилик мага баштаган ишиме ийгилик каалашты. 30-июлга чейин бир катар олуттуу саясатчылар менен кеңешип, оппозициянын лидерлери менен да сүйлөштүм. Жыйынтыгында, жарышка катышпай эле коюуну туура деп таптым», - деген Турсунбеков баш тартуусу Кыргызстан үчүн болгонун баса белгилеп өттү. Айтымында, Кыргызстан учурда саясий күчтөрдүн биригүүсүнө муктаж болуп турат, ошондуктан, урматтуу спикер амибициясынан мамлекети үчүн баш тартыптыр.

 

Анткен менен Атамбаевдин «биздин чечимди сыйлабаса, партиядан чыгат» дегени, Турсунбековду шайлоого катышу эйфориясынан чыгарып, акылына келтириптир деп божомолдоого болот.