Атамбаев жакында маалымат жыйынында КСДПнын талапкери болбосо, Бабановду колдой турганын айткан. Президенттин бул билдирүүсүн Бабанов жогору баалады.

 

«Президенттин колдоосу мен үчүн чоң сыймык», - деди Бабанов. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине пикирин билдирүүдөн баш тартты. Ал эч бир талапкерди сындабай турганын билдирди.

 

Айтымында, кайсы талапкерге болбосун, бааны эл берет.

 

«Бирөөнү сындаба, өзүң да сынга кабылбайсың». Баарын 15-октябрь чечет. Жээнбековдун артыкчылыгы аны КСДП колдогондуктан, мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок, эле татыктууну тандап алат деп ишенем. Текебаев тууралуу айтсам, ал саясий аренадагы чоң адам, сот акыйкат чечим кабыл алаарына үмүттөнөм» - деди Бабанов.