Урматтуу сьезддин делегаттары!

 

Кымбаттуу  партиялаштар!

 

Кадырлуу коноктор!

 

Алдыдагы бир нече ай Кыргызстан үчүн опурталдуу, ары чечүүчү мааниге ээ. Биз Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдында турабыз.  Акыркы эки он жылдыкта болгон  эки жолку саясий коллапс кыргыз бийлигинин түп тамырындагы саясий жана системалуу кризисти көзгө сайгандай көрсөттү. Бирок, эки жолу тең элдин үмүтү акталдыбы? Бир саясий топтун ордуна, экинчи саясий топ келип, “шапке менен папке” алмаштыруудан ары кете алган жокпуз. Өлкөнүн көйгөйлүү маселелери чечиле элек.  

  

Тилекке каршы, акыркы 27 жылдык эгемен тарыхыбызда өлкөбүздү динамикалуу өнүгүү жолуна чыгара турган негизги тармакты аныктай албадык. Тескерисинче, жыл өткөн сайын элибиздин турмушу оорлоп, мамлекетибиз туңгуюкка кептелүүдө.

 

Мамлекетибиздин тышкы карызы эбегейсиз көбөйүп, мурдагыдай эле коррупция, көмүскө экономика күчөп жатат. Эл аралык валюта фондусу Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанды эң жарды мамлекеттердин катарына кошту.

 

Мисалы, акыркы 5 жылдын ичинде бийлик 1 млрд 100 млн доллардан ашык кредит алган. Бул андан мурдагы 10 жыл ичинде алынган кредиттин суммасына барабар. Азыр тышкы карызыбыз ички дүң продукциянын 64 пайызынан да ашып кетти. Адистердин эсеби боюнча, эгерде бийликтин бул терең ойлонулбаган саясаты улана берчү болсо, жакынкы эки жылда бул көрсөткүч 70 пайызга жетиши мүмкүн. Ал эми бир нече жылдан кийин карызыбыз 8 млрд доллардан ашат.

Азыркы популисттик бийлик реалдуу турмуш менен байланышын эбак эле жоготуп, саясий  банкротко айланды. Бийликтин эң чоң жаңылыштыгы –профессионал кадрларды жээрип, көп кызмат орундарды колунан келсе келбесе да, биздин партиядан болсун деген принцип менен бөлүштүргөнү. Бийлик мамлекеттеги реалдуу экономиканы талкалаганы үчүн өз жоопкерчилигин сезе элек. Кийинки эле жылдары Кыргызстанда  5-6 Өкмөт алмашканы менен алардын бири да Парламентте  отчет берген жок. 

 

Урматтуу сьезддин делегаттары!

 

Кыргызстанда качан гана системалуу саясий өзгөрүү болмоюн, биз бул саясий стагнациядан чыга албайбыз. Бүгүнкү өлкөнүн саясий  түзүмү, архитектурасы,  кырдаал саясий күчтөр менен саясий элитаны тейлеген гана платформа болуп калды. Ошондуктан бийлик структурасын жаңылап, башкаруу системасын өзгөртмөйүнчө  экономикада да, социалдык саясатта да, айрыкча укук, сот системасында да эч кандай жылыш болбойт.

 

Кыргыз эли Азиядагы эң байыр­кы калк. Бизде мамлекетти куруунун, аны коргоонун жана башкаруунун улуу салт­тары болгон. Демек, жаңы тарыхый шартта социалдык, улуттук эс-тутумубузду жаңылап, түпкүрү­бүз­дү аңдап, өзүбүздүн руханий байлыгыбызга, каада-саллтарыбызга, байтүп башатыбызга кайрылууга мезгил жетти.

 

Биздин оюбузча, азыр элибиздин алдында кыйшаюусуз чечүүнү талап кылган тогуз өзөктүү маселе бар. Эгерде биз саясий партия жана күч катары бийликке келсек, мына ушул тогуз маселе биздин саясий платформабыздын өзөгү болот:

 

Биринчиден:Адилеттүүлүк...

Эзелтен кыргыз эли бийликтин кадырын, баркын адилеттиктен, тазалык менен калыстыктан көргөн. Калыстыктан тайган бийликти ыймандан тайган бийлик катары бааланган. Мындай касиеттен тайган бийликтин багыты кууш, басар жери тар, жолу кыска, келечеги көмүскө. Мына бул менин колумдагы азыркы Конституцияда жаран укугу жана эркиндигине байланыштуу 33 берене бар. Ал эми Президенттин ыйгарым укуктарын аныктаган 6, Жогоку Кеңеш боюнча – 12, Өкмөт боюнча 9 берене бар. Тилекке каршы, бүгүн Конституциядагы жаран укугу жана эркиндигине байланыштуу мына ошол 33 берененин бири да аткарылбайт! Ал эми Президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен алда качан чыгып,  Конституцияда каралбаган жүзгө жакын ыйгарым укуктарды өзүнө ыйгарып алган. Ушул дагы адилеттикпи?!. Ушул дагы мыйзамдуулукпу?!.

 

Адилеттүүлүк – азыркы күндө өлкөбүздөгү, коомубуздагы башкы саясий постулат болушу керек. Бийлик башында тургандар, өздөрү адилет болмоюн, башкадан кантип адилеттүүлүктү сурайт. Адилеттүү бийликти, адилеттүү башкарууну,  адилет сот системасын – түзмөйүн, биздин демократиялык дөөлөттөр тууралуу сөз кылууга саясий да, моралдык да акыбыз жок.

 

Бул Конституция боюнча Кыргызстандын жараны катары менин да өлкө Президентин шайлоого катышууга толук укугум бар!

 

Урматтуу делегаттар!

 

Адилеттүүлүктүн түркүгү –эркин жана кара кылды как жарган калыс сот. Бүгүн сот системине эч кандай ишеним жок. Сот системасынын саясий-социалдык институт катары коомдо, эл арасында кадыр-баркы төмөн бойдон калууда. Азыркы сотторду адилеттүү деп эч ким айта албайт.

Ошондуктан биз ызы-чуулуу, аяк-башы жок, саясий оюндардын туткуну болуп калган  сот реформасын түп тамырынан өзгөртөбүз. Бийликке, байларга сатылбаган, мыйзам жана чындык ким тарапта болсо, ошонун гана кызыкчылыгына кызмат кылган эркин сот системасын түзөбүз. Бул биздин ишибиздин эң башкы багыты болот.

 

Өлкөдө саясий кара тумоого айланып бараткан коррупция менен күрөшүүнүн башкы маселеси да, адилеттүүлүктө жатат. Бул багытта, “Ата журт” саясий партиясынын так жана реалдуу көз карашы бар.

 

Биз мамлекет башчысынан баштап, бардык бийлик бутактарынын жетекчилеринин жыл сайын эл алдында өз ишмердигинин натыйжалары жөнүндө отчет берүүсүн киргизебиз.

 

Мамлекеттеги бардык реформалар, жаңы чечимдер жана долбоорлор биринчи кезекте социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, карапайым калкты коргоого жана колдоого багытталышы керек. Бул биздин күндөлүк ишибиздин башкы маңызы болот. Биз бул принциптен эч убакта кайтпайбыз.

 

Экинчиден: Акыйкаттык....

 

Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы ажырым кү­чөп, ишенбөөчүлүктүн өкүм сү­рүп жатышы – бүгүнкү чындык.

 

Кыргызстанда сөз эркиндиги эч качан азыркыдай чектелген эмес. Бүгүн жаран же маалымат каражаты бийликти сындаса, ошол замат бизнеси буулуп, мүлктөрү камакка алынып, чет жакка чыга албай, миллиондогон эбегейсиз чоң айып салынып жатат.

 

Өткөн 6 жыл саясий интриганын, саясаттагы эки жүздүүлүктүн, кош стандарттуулуктун, алдамчылыктын жана саткындыктын болуп көрбөгөндөй  гүлдөгөнү менен Кыргызстандын тарыхында калат. Мамлекет башчысы менен айрым депутаттардын же Парламенттеги фракция жетекчисинин ортосундагы жашыруун бүтүм аркылуу  улам бир Өкмөттү, саясий тар кызыкчылык үчүн Жогорку Кеңештин жетекчисин жең ичинен отставкага кетирүү өнөкөт болуп калды. Ошентип азыркы бийлик ушундай жол менен “жеке душмандарын” Өкмөт башчылыгынан, Жогорку Кенештин төрагалыгынан кулатып, ал кызматтарга өз айтканынан чыкпаган адамдарды коюп, өлкөнүн толук кандуу “кожоюнуна” айланды.

 

Эгерде кимдир бирөө муну саясий күрөш деп эсептесе, ал катуу жаңылышат. Бул күрөш эмес, бул ыймансыздык, тар саясий кызыкчылыктарды элдин, мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон өтө булганыч жорук.  Айрыкча Кыргызстан сыяктуу жаңы эле Парламенттик башкаруу системасын өздөштүрүп жаткан, Парламентте көпчүлүктү түзгөн бир дагы саясий партиясы жок өлкө үчүн  Өкмөттү дайындоо ачык-айкын, калыстык менен, мыйзамдуу жолдор аркылуу жүрбөсө,  андан мамлекет, эл жабыркайт.

 

Акыйкат болбогон бийлик, акыйкат башкара албайт. Азыркы бийлик  акыйкаттыкты талап кылган журналисттерди, айрыкча кыргыз журналисттерин, аларга кошуп саясий оппоненттерин “канга тойбогон кузгундар”, “эл бузарлар”, “бандиттер”, “дракондор” , “акаевчилер, “бакиевчилер”, “динозаврлар”, ж.б. оозго алгыс сөздөр менен сөгүү өнөкөткө айланды.

 

Мамлекеттик иште АКЫЙКАТТЫК толук орномоюн, акыйкат өлкөнү да, коомду да түзө албайбыз. Акыйкат болуу, биринчи кезекте бийлик башындагылардын эң башкы ыймандык нормасына айлануусу керек. Акыйкаттык жалпы улуттук дөөлөт катары элдин бардык катмарын бириктирүү керек. Акыйкаттык бийликте, экономикада, кадр саясатында, социалдык тармакта болсо гана, ал элде болот.

 

Ар бир жетекчи тегерегиндеги бир ууч адамдардын гана пикирин укпай акыйкат болуп, элдин оюн, идеяларын, сунуштарын, анын ишине берилген элдин баасын да эске алууга тийиш. Бийликти байлык топтоо үчүн ачыктан-ачык пайдаланып жаткандардын зомбулугуна чек коюлушу керек.

 

Биздин максат – аягы барып мамлекет,  эл,  бийликтин  бир  бү­түн­дү­гүнө алып баруучу жолго түшүү.

 

Үчүнчүдөн: Айкөлдүк....

 

Бул элибиздин эзелтен келаткан улуу сапаты. Улуу наркы.

 

Азыркы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында, кечээ эле биз тутунган моралдык, руханий идеалдар кыйрап жаткан кезде Манас бабабыздан калган Айкөлдүк сапаттар коомубузга тирек боло алат. Айкөлдүк – бул парасаттуулук, чынчылдык, сабырдуулук, салабаттуулук, ак ниеттүүлүк, берешендик, боорукердик жана жоопкердик. Бул асыл сапаттардын мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоодогу орду жана ролу эбегейсиз зор. Ошондуктан толук кандуу улуттук сапаттарыбызды сактап калуу, ал өлкөнү, мамлекетти сактап калууга тете маселеге айланды. Кыргыз коомунда болуп жаткан төбө чачты тик тургузган окуялар эмнеден улам келип чыгып жатат?.. Анын себеби эмнеде?.. Бул ар бирибизге конгуроо болучу маселе, аны бүгүнтөн тартып ойлобосок, эртең кеч болуп калары чындык. Улуттук айкөлдүк сапатты сактоо – ал кыргызды сактоо. Ал эми элибиздин салттуу дөөлөттөрүнө ар кандай саясий эксперименттерди жасоо саясаттын да, бийликтин да нравалык принциптерин аныктабайт.

 

Элибиздин ыйман экологиясын улуттук нака дөөлөттөр аркылуу  сактап калуу, акыйкат бийликтин эң башкы парзы жана милдети.

 

Төртүнчүдөн: Мекенчилдик...

 

Уюткулуу журт мекенчил болот. Мекенчилдик сезими жок адамдын Мекени да жок.

 

Өз Улутун сүйүү, ал – улутчулдук эмес, ал – тарыхын урматтоо, өз элинин өткөнүн сыйлоо, ата-бабадан калган жерин, элин сыйлоо, Ата журтту кадырлоо, Мекендин ыйыктыгын урматтоо. Анткени, адамда бир гана ыйык жер бар – ал Мекен.  Мекенин сүйгөн адам гана, татыктуу, кадыр-барктуу,бекем, күчтүү өз өлкөсүнүн атуулу,  жараны боло алат.

 

Азыр Кыргызстанда жалпы улуттук, мамлекеттик кызыкчылык экинчи планга жылып, партиялыктар кызыкчылыктар үстөмдүк кылып калды. Бул көрүнүш бийликтин эң жогорку тепкичтеринен баштап, айылдык кеңештерге чейин  жетти. Мисалы, жогор жактагыларды туурап, жергиликтүү депутаттар жана жергиликтүү администрациялардын өкүлдөрү кен байлыктарды пайдалануу, жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндөгү чыр-чатактарды уюштурууга аралашып, “партиялык” же “фракциялык” жеке  кызыкчылыктарды көздөшүүдө.

 

Мындай абалдан чыгыш үчүн парламентке шайлоо системасын өзгөртүү зарыл. Эмки шайлоо партиялык тизме менен кошо, пропорцианалдык-мажоритардык жол менен бир мандаттуу жергиликтүү округдардан да депутаттарды шайлоо керек. Азыр эл депутатты тааныбайт, депутат элди тааныбайт. Бийлик менен коомдун ортосунда чоң жарака пайда болду. Ошондуктан депутаттардын жарымы партиялык тизме менен, жарымы бир мандаттуу округдардан шайланса, саясат майданына мекенчил, таза күчтөр көбүрөөк кошулат.

 

Кымбаттуу партиялаштарым!

 

Биз кылымдарды карыткан тарыхы бар, эчен-эчен сыноолордон өткөн Улуу Кыргыз урпактары экенибизди сезүү менен улуттук ар-намысты бийик тутуп, өз үй-бүлөбүздүн, айылыбыздын, өлкөбүздүн бакубатчылыгын арттырууга, өлкөбүздү өнүктүрүүгө умтулушубуз керек.

 

Башкы максатыбыз – мекенчил, ыймандуу, билимдүү жаштардын биримдиги жана салымы менен мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө, элине кызмат кылган мамлекеттик түзүлүштү калыптандыруу.

 

Бешинчиден: Ыймандуулук...

 

Ыймандуу жана ынтымактуу коом гана келечектүү мамлекет кура алат. Биз ыймандуу бийликти түптөп, ыймандуу коомду курабыз – ар бир кыргызстандык ыйман принциптерин тутунган, өз тарыхын эсинде сактаган, тынчтыкта жана ынтымакта жашаган өлкөнү курабыз.

 

Биз саясий ыйман маселесин башкаруу системасына киргизебиз. Ал эмне? Ал – тазалык, ал – чынчылдык, ал – абийрдүүлүк, ал – таза көкүрөк.

 

Атактуу Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, биз таза болсок, коом да таза болот!” деген канаттуу сөзү бүгүн өзгөчө актуалдуу.

 

Ыймансыз коомду зулумдук бийлейт. Ыймандын кылы кыйшайган жерден абийирсиздик, жоопкерсиздик, менменсинүү, саясий оппоненттер менен күрөшүүнүн булганыч жолдору башталат.

 

Ошондуктан эл-журттан уялбай эле, ар-намыс, өлкөнүн кадыр-баркы дегенди унутуп, аттуу-баштуу саясий ишмерлерибиз көрө албастыкка алдырып, өлкөнүн чыныгы кожоюну экенин көрсөтүү үчүн бири-бири менен кадимкидей эле согушуп жатышат.

 

Биз айрым бийлик төбөлдөрүнүн ыплас сөздөр менен саясий оппоненттерди шылдыңдап, айрым аймактардын элине сөз тийгизгенин кескин айыптайбыз. Баш көтөрүп, башкача пикир айткандар камалды, соттолду. Буга элдин көбү нааразы.

 

Улутубуздун биримдигине, тилине, дилине, динине, менталитетине тескери таасир тийгизе турган, айрыкча жаштарды тарбиялап өстүрүүдө улуттук патроиоттук ан сезимге терс таасир тийгизе турган ар кандай диний секталар, окуу жайлар, оюн-зоок мекемелери ж.б. чексиз, эбегейсиз көбөйдү. Мамлекеттик бийлик тарабынан бул багытта ушул күнгө чейин алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн жок.

 

Улуттук ыйман – бул улутту сактап калуунун негизги нравалык чордону болуш керек. Азыр биз ар тараптуу ыймандык экспанциянын тутумуна кабылып жатабыз. Ушундай татаал мезгилде кыргыз бойдон калуу, Кыргызстанды коргоп калууга тете маселеге айланып жатат. Мамлекеттин көмөгүсүз адамдарды, айрыкча, өсүп келе жаткан муунду ыймандуулукка, адептүүлүккө тарбиялоо мүмкүн эмес.

 

Алтынчы:  Ырайымдуулук.

 

Адам адамга дос, адам адамга бир тууган. Адамды сүйүү, ага ырайымдуу болуу эң бийик гуманисттик сапат. Коомду, адамды гумандаштыруу, бири-бирибизге болгон ырайымдуулук сапатты калыптандыруу, анын  кеңири жайылышына шарт түзүү бул гумандуу коомдун миссиясы. Ал миссиясы биринчи кезекте – Адамды сыйлоо, анын адамдык укугун баалоо, урматтоо.

 

Азыр кичинекей Кыргызстанда  түрмөдө отургандардын саны он алты миңден ашат. Бул 2012-жылга салыштырганда 5,8 пайызга көп. Абакта олтургандардын 10 пайыздан ашыгы аялдар, 6 пайызга жакыны жашы жете электер. Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү бачабаздар, СПИД инфекциясын алып жүргөндөр жана учук менен ооругандар көп.

 

Ага карабастан, өлкөдө жалпы соттор чыгарган өкүмдөрдүн 60-70 пайызы адатта абакка салууга байланыштуу болот. Эгер түрмөгө камоо башка жазалар менен алмаштырылса, мамлекеттин бюджетине гана жардам болбостон, ондогон адамдарга башкача жашоого мүмкүнчүлүк ачылмак.

 

Өлкөнүн башкы байлыгы – адамдык капитал, адамдык ресурс. Бул байлыкка ырайымдуулук менен мамиле жасабасак, анда биз өлкөнүн негизин түзгөн элибиздин баркын да, баасын да билбей калабыз. Бүгүн адамдар гумандуулукка, кайрымдуулукка, өз ара түшүнүшүүгө, бир сөз менен айтканда, ырайымдуулукка муктаж болуп турушут.

 

Турмуштун, өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктын айынан миллионго жакын журтташтарыбыз, бир туугандарыбыз дүйнөнүн түрдү булуң-бурчунда иш издеп, кара оокаттын артынан түшүп жер кезип жүрүшөт. Бул айласыздыктын эмес, өлкөдөгү ырайымдуу саясаттын жоктугунун белгиси.

Биздин биринчи милдет – четте жүргөн журтташтарыбызды татыктуу жумуш, татыктуу айлык акы менен жакынкы жылдарда кайра Ата-Журтуна алып келүү.

 

Жетинчи. Ынсапкордук жана сарамжалдуулук...

 

Биз, азыр рынок шартында жашап жатабыз, бирок психологиябыз дале советтик, патриархалдык түшүнүктөн арылбай келет. Сарамжал болууга үйрөнүү, демек үнөмдүү жашоого үйрөнүү.

 

Ишке ашпас иллюзиялардан ажырап, реалдуу турмуш, реалдуу экономика менен алектенүүгө убакыт жетти. Экономиканы бүтүндөй рынокко байлаган туура эмес экени белгилүү болуп калды. Рынок өзүн-өзү тейлейт деп жалаң гана макроэкономикалык, фискалдык метод менен экономиканы тескөө дүйнөлүк практикада да өзүн актаган жок. Ошонун айынан коомубузда социалдык теңсиздик кулач жайып, байлар менен кедейлердин жиктелиши коркунучтуу деңгээлге жетти. Эл ичинде “эгерде үчүнчү революция болсо, котолошкон эл Ак үйдү эмес, байлардын үйлөрүн талкалашат" деген сөздөрдүн пайда болушу көп нерседен кабар берет. БУУнун статистикасы боюнча да дүйнөдөгү 1 пайыз адамдар жер жүзүндөгү 99% байлыктын ээси болуп саналат. Ал эми дүйнөдөгү саны 10го жетпеген олигархтар Жер жүзүндөгү миллиарддаген адамды багууга жетет экен!

 

Мына ушулардын баарын эске алуу менен экономикада Союз учурундагыдай тоталдуу формада болбосо да, пландоонун элементтерин киргизүү зарыл деп эсептейм. План – бул келечектин мерчеми. Биз кандай коом куруп жатканыбызды, кантип жашоо керек экенин алдын ала мерчемдеп, көздөгөн максатыбыз так жана айкын болушу керек.

 

Элибизди сарамжалдуулукка үйрөткөнүбүз, аны экономикага үйрөткөнүбүз. Өлкөнүн экономикасынын чабал, жай өнүгүүсүнүн бир тоскоолдугу сармжалсыздык. Элди сарамжалдуулукка тарбиялоо бул чоң экономикалык маданиятты талап кылат.

 

Кыргызстандыктар илгертен тынчтыкты сүйгөн, барга топук кылган, эч кимдин байлыгына көз артпаган ынсаптуу эл.

 

Биз Кыргызстанда ар бир үй-бүлөнүн бакубат турмушта бактылуу жашоосун камсыз кылабыз. Бири-бирине жакшылык тилеген, ак санатай, боорукер, ал эми кошуна элдер менен достукта, ынтмакта жашап, кызматташууга даяр, койнунда котур ташы жок коомду калыбына келтиребиз.

 

Сегизинчи: Жаңычылдык. Өлкөнү модернизациялоо.

 

Биз өлкөнү модернизациялоонун, жаңылоонун улуттук өзгөчөлүгүн өткөндүн духун бекем сактоо менен келечектин кубатын жаратуудан көрөбүз. Мына ушундай жол менен гана ааламдашуу процессине жооп бере алабыз. Өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү сактап калабыз, ошондо гана дүйнөлүк ар кандай чакырыктарга бекем туруштук бере алабыз.

Биз өзүбүз Кыргызстанды парламенттик өлкө дегенибиз менен чынында нагыз парламентаризмден алыспыз. Чыныгы парламент системасы бар өлкөлөрдө фракциялар аралык күрөш – бул ынтымакташуунун, кеңешип, макулдашып маселе чечүүнүн куралы. А биз андан алыспыз.

Колдонуудагы Конституция жети жыл мурда эле көптөгөн олуттуу кемчиликтер менен кабыл алынган. Ошондуктан ортодон 2-3 жыл өтпөй жатып эле Конституцияны кайрадан реформалоо зарылчылыгы жаралган.

Ал эми 2016-жылы бийликтин демилгеси менен өзгөртүүлөрдү киргизүү Конституциядагы майда-барат, экинчи даражадагы кемчиликтерди гана жойду. Алар негизинен дагы эле бийликти бөлүштүрдү  жана жаңы кемчиликтерди кошту.

Эң башкысы, Кыргызстан эли де-юре жана де-факто мамлекеттик бийликтин эгеси боло элек. Конституцияда эл бийликтин булагы катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө мамлекетти башкаруудан четтетилген.  Кудайды карап кашкайган чындыкты бетке айтсак, Кыргызстанда өткөн 6 жылда, эң түпкүлүктүү, тагдыр чечүүчү маселелерди гана эмес, кадыресе эле майда-чүйдө иштерге чейин президент Атамбаев чечип, башкарып жатты.

 Кыскасы, өткөн 6 жылда парламенттик бийлик эмес, президенттин бийлиги, президенттик-парламенттик система иштеди.

Ошондуктан мен өлкөнүн бардык багытта жана туруктуу өнүгүүсүн шарттоочу толук кандуу форматтагы конституциялык реформа жүргүзүү зарыл деп эсептейм. Мен чыныгы элдик бийликке жол ачкан Конституциянын жаңы долбоорун  элибиздин кароосуна сунуш кылам.

 

Тогузунчу: каада-салттар жана Элдин менталитетине ылайык  мамлекеттик сая­сий түзүлүштү калыптандыруу.

 

Бийликтин үч бутагы болгону менен анын бир эле бу­лагы, бир эле ээси бар. Ал – Кыргызстан эли!

 

Мамлекетти эл түзөт. Элден өйдө туруп, элге жооп бербеген, эл алдында жоопкерчилигин билбеген бийлик эл үчүн иштеп, кызмат кылбайт.

 

Бул маселени салт боюнча жана мыйзамдуу чечүүнүн жолу – бул бийликтин Президент баш болгон үч бутагын тең элдин атынан көзөмөлдөп, жоопкерчилигин сурай турган элдик Курултай институтун, Аксакалдар сотун киргизүү.

 

Ата-бабаларыбыз орчундуу маселелерди калк ичиндеги кадырман, көсөм аксакалдар, билермандар, төрө­лөр, бийлер, эл жакшылары чогулуп, журттун тагдырына тиешелүү маанилүү маселелерди кеңешип чечишкен. Ат-Башыдагы чоң Чеч-Дөбө, дээрлик ар бир айылдардагы кичи чеч дөбөлөр азыр да аты өзгөрбөй тургандыгы баарыбызга маалым.

 

Курултай бийликти эле эмес, бүт коомубузду коррупциядан тазалоочу таасирдүү курал болуп калышы керек. Эл менен ачык жана курч диалог бийлик жана бардык кызмат адамдары үчүн турмуш нормасына айланат.

 

Биз Курултайды коомубуздун жетиктигин, биримдигин даңазалаган бүткүл элдик конструктивдүү форумга айлантуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз.

Курултай институтун киргизүү – бул алгачкы кадам. Биз келечекте Кыргызстанда элибиздин каада-салттарына жана менталитетине негизделген  мамлекеттик сая­сий түзүлүштү калыптандыруу, ага төп келген идеологиялык баалуулуктарды аныктоо аркылуу  адилет коом курабыз.

 

Кымбаттуу партиялаштарым!

 

Жогорку сьезддин бийик трибунасынан менин ысмымды Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер катары атап жатканыңыздарга, жеке мага болгон ишенимиңиздерге дагы бир жолу терең ыраазычылк билдирем.

 

Өз сөзүмдө, маанилүү деп эсептеген тогуз орчундуу проблемага кайрылдым. Албетте, өлкөнү, коомду ХХI кылымдын өнүгүү нугуна карата өзгөртүүнү жалгыз адам жасай албайт. Менин таянарым Сиздер, партиялаштарым, элим, Ата-Журтум.

 

Эгерде биз бир максатка умтулуп, тилектештер, санаалаштар, боордоштор катары бир тилекте, бир ойдо, бир үмүттө болсок, сөзсүз жеңебиз!

Мен эмне үчүн адамдын көкүрөгүнө жакын тогуз маселеге өзгөчө токтолдум? Анткени, биз көкүрөктү ондомоюн, көкүрөктү толтурмайын, көкүрөктү тазартмайын, көкүрөктө ишенимдин отун жандырмайын өлкөбүздү ондой албайбыз.

 

Өлкөнү өзгөртүү эң оболу өзүбүздүн көкүрөгүбүздөн башталарын эстен чыгарбайлы!

 

Келгиле, баарыбыз чогуу биринчи кадамды таштайлы!

Жашасын, Ата Журт!

Жашасын эгемендүү келечеги кен, Кыргызстан!

Түбөлүк тур, Кыргызстаным, ыйык журтум – Ата журтум!

 

Булак: "Майдан. kg" гезити