Атамбаев маалымат жыйынында баары эле: абактагысы да, эркиндиктегиси да президенттик такты үчүн ат салышып атканына нааразы болду.

 

«Адаттагыдай эле ачыкка чыккан булганыч нерселер шайлоодон кийин жок болуп кетсе экен дейм. Мен азыр кабатыр болуп турам. Кыргызстандын эли ишенчээк, бир заматта баарын унутуп, кечирип салышат. Орду түрмөдө болгон адамдар да пиарланышып, шайлоого катышып атышат. Менимче, бул да өтөт. Эл жана өлкө башкача болот. Саясатчыларды кечирүүгө мүмкүн болбогон окуялар бар. Мен бир ирет булганыч деп айттым эле. Аны дароо президент ашыкча сүйлөп жиберди деп чыгышты. Мамлекет таза колдо болуусун каалайм», - деди Атамбаев.