“Адашпаган адам болбойт. КСДП талапкер издеп мага кеңешип кайрылганда, мен социологиялык изилдөө жүргүзүүнү сушутагам. Үч жолу социликтөө болду. Биринчи орунду Сооронбай Жээнбеков, экинчиде Сапар Исаков келди... Эгерде Чыныбай Турсунбеков КСДПнын съездинин чечимин колдобосо, партиядан чыгарылат”,- деди ажо.
Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин КСДПны тазалай тургандыгын айтты: “Партияга жаңы муундар келиши керек. Парламентте партияны көрүп, андагы айрым адамдар үчүн кабатыр болосуң. Партия жаңы түптөлүп жатканда мен башында тургам, партия менин баламдай. КСДП 2020-жылы шайлоого барышы үчүн, аны бутуна тургузуш керек”.