Атамбаев президент катары акыркы ирет берип аткан маалымат жыйынында Аскар Акаевге таарынычы чоң экенин айтты.
Журналисттер Кыргызстандын мурдагы президенттерин куугунтукка албай, актап, мекенге алып келүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө болоор-болбосун сурашты. А Атамбаев кээ бир адамдардын кылыгын өмүр бою кечирүүгө мүмкүн болбой турганын белгиледи.
«Канча жыл өтсө да, кечирүүгө мүмкүн болбогон адамдар бар. Аскар Акаевди кечирип койбойсуңбу деп айтып калышат. Андай адамдарды кечирүүгө болобу?! Бизде фильм, маданият жана искусствону өнүктүрөбүз деген бир тонна алтын кармаганбыз. А Акаев болсо аны тойбогон үй-бүлөсү, өзүнүн териси үчүн абасына берип койду. Элибиз ач болуп атканда, ушундайды кечирүүгө болобу? «Кумтөр» долбоорунда 67 пайыз үлүшүбүз бар болчу, анын 16 пайызы гана калды. Мен бул кишини кечире албайм», - деди Атамбаев.