БШКнын экс-президенти Туйгунаалы Абдраимов жакында «Марал» радиосундагы журналист Жылдыз Муслимованын «Консенсус» уктуруусуна келип, суроолорго жооп берген. Президенттикке талапкер учурдагы өлкө акыбалы тууралуу пикирин ачык билдирген.

 

«Кыргызстанга калыстык керек. Мен президент болуп калсам биринчи кезекте калыстык орнотууга багыт алмакмын», - деген Абдраимов учурда өлкө акыйкаттуулук, калыстык жагынан аксап атканын кыйыткан. Партия жетекчилерин «фюрер» деп атаган Абдраимов «алар айыл өкмөттөн бери жиликтеп, бөлүп алышкан. Алар жазган мыйзам өлкөнү талкалап атат», - дегендей пикирин ачыктаган.

 

Мындан тышкары дагы бир топ курч суроолорго так жооп берген экс-төраганын маеги жогору жактагы кимдир бирөөлөргө жакпай калганбы, «Консенсус» жабылып калганы айтылууда.