Бүгүн, 18-июлда, Улуттук филармонияда «Ата Журт» партиясынын съезди өтүүдө. Андагы негизги маселе – партиянын атынан президенттик шайлоого талапкер чыгаруу.

 

Анда, Ахматбек Келдибеков мамлекеттин алдыга эмес, артка кетип атканына токтолуп, системалуу саясий өзгөрүү болмойунча, өнүгүү караандабай турганын айтты.

 

«Биринчи системалуу саясий өзгөрүү керек. Ал болбосо «мамлекеттин келечеги үчүн» деген кыйкырыктар суу кечпейт. Бийлик оозу менен гана орок оруп, а иш жүзүндө былкылдабай, бир орундан жылбай отурганга үйрөндү. Өнүгүүгө беттеген кыйкырык канчалык катуу болсо деле, иш жүзүндө аны коштогон эч кандай аракет болбосо – Кыргызстандын келечеги да бүдөмүк. Башкаруу системасына реформа жасоо керек. Кадрлар туура эмес тандалган. Бийлик жеке адамдардын кызыкчылыгына гана кызмат кылат. Карапайым элдин кызыкчылыгын мамлекеттик дещгээлге көтөрүү менен, калыстык, акыйкаттык орнотуу менен гана жаркыраган мамлекетибизге ээ болобуз. Мамлекетте ар бир жаран коопсуз экенин, акыйкатчылык ар бир кадамында коштоп жүрөөрүн сезип, ишенимдүү болгондо гана максатыбызга жеттик деп айтсак болот», - деди Келдибеков.

 

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

 

Учурда БШКга президенттикке талапкерликке өзүн көрсөтүп жана партиянын атынан арыз жазгандардын саны 30га чукулдап калды.