«Супер. kg» порталына түз байланышка келген саясатчы Ахматбек Келдибеков бир катар сырларды ачыкка чыгарды.

 

Ага: «Ташиев-Мадумаров-Келдибеков тандеминин тагдыры кантип чечилди. Адахан Мадумаровдун билдирүүлөрүнө караганда, өз ара сүйлөшүп алдыӊыздар. Президенттик шайлоого кимиӊер чыгасыӊар?» - деген суроо окурмандар тарабынан узатылды.

 

«Ата Журт» партиясынын теӊтөрагасы буга «баарын убакыт көрсөт» - деп жооп кайтарды.

 

Айтымында, үчөө теӊ БШКга талапкерлик боюнча арыз берише элек.

 

«Кыргыздар акыркы учурда ушак менен гана жашап калдык. Кээ бир сөздөрдү саясатчылар өздөрүнө ылайыктуу кылып чыгарышат. Үчөөбүз теӊ съезд өткөрө элекпиз. БШКга арыз бере элекпиз. Баарын убакыт көрсөтөт. Ал эми Мадумаровдун соцтармактарда тандем боюнча пикирин билдирип атканы – «тактика». Ошондой деп түшүнө бериӊиздер», -деди Келдибеков.