Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

 

 

- Киного саясатты кошуп, “Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү” тасмалары менен уу-дуу жараттыңыз эле. “Миллионердин сүйүүсүндө” да саясатты тескепсиз.

 

- Орустар айтчу эле: “Поэт в России - больше чем поэт” деп. Бизде эл абдан  саясатташкан. Демек, саясат темасын киного киргизүү – бүгүнкү турмуш талабы. Муну мен а деп “Президент жана бомждо” байкаштырдым, эл зор кызыгуу менен кабылдады.

 

- Эми кандай көркөм кино жаратмакчысыз?

 

- Москвалык “СИВ Медиа” дистрибьютердик борборунун тапшырмасы менен Орусия телеканалы үчүн 4 сериялуу киного сценарий жазып атам.

 

- Аны орустар тартабы?

 

- Буйруса, чогуу тартмакчыбыз.

 

- Кыргыз актёрлору ойнойбу же орустунбу?

 

- Жарымысы биздин, жарымысы орустун белгилүү артисттери катышмакчы.

 

- Владимир Путин тууралуу кыргыз тилиндеги китебиңиздин, Назарбаев тууралуу киноңуздун бет ачаарын Москвада өткөрдүңүз. Орус жана Казак массалык маалымат каражаттарында резонанс жаралды. Көркөм кино менен катар даректүү тасмаларды да тартып жүрөсүз. Бул багытта сизден алдыда кандай жаңылык күтсөк болот?

 

- Кыргыздын көрүнүктүү саятсатчысы жана коомдук ишмери Темир Сариев тууралуу даректүү тасма тарта баштамакчыбыз.

 

- Путин, Назарбаев тууралуу чыгармаларды жаратып, алардын жан-жөкөрлөрү, эл аралык чоң даражадагы аткаминерлер менен аралашып калдыңыз. Демек, саясаттын оош-кыйыш, кыйчалыш кырдаалдарын жакшы билесиз. Дүйнөлүк ири держава лидерлеринен кийин кыргыз саясатчысы тууралуу кино тартууга ниеттенгениңиз жөн жеринен эместир.

 

- Арийне, ар бир жумуш кылдат ойлонулуп жасалат. Мен кийинки жылдарда кино тартып, аларды коюп, Орусия, Казакстанда көп жүрөм. Ал жактарда мекендештерибиз, ошондой эле орус, казак коомчулугу, саясатчылары менен кеңири пикир алышабыз. Биздеги саясий кырдаалды, саясатчыларды талкуулайбыз. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы, көрүнүктүү ишмер Темикеге жогору баа беришет. Казак министри айтты: “Сариев премьер-министр болуп шайланганда Орус бийлигиндегилер “акыры Кыргызстанга мыкты (трезвый) жетекчи келди” деп кубатташты” деп. Темир Аргенбаевич тууралуу жылуу ойлорду Орустун көрүнүктүү ишмерлеринен да угуп кубандым. Өзгөчө Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүдө албан эмгек жасады. Бул кадамды бизде ар кандай сыпатташат. А четтеги бир жарым миллион мекендештерибиз тебетейлерин көккө ыргытып жүрүшөт. Ушундай жылуу пикирлерден кийин Темир мырзанын адамдык жана ишмерлик сапаттарын кино аркылуу кеңири чагылткым келди.

 

- Орусия, Казакстан – чет мамлекеттердин позициясын сөз кылып атасыз. Кыргызстан көз карандысыз, өз алдынча өлкө го.

 

- Балээнин баары өз алдыбызча кыйратып тирилик кылып кете албаганыбызда. 6 миллион калкыбыздын 2.5 миллиону жумушка жарамдуу катмар болсо, анын дээрлик 1.5 миллиону Орусия менен Казакстанда жүрүшөт. Экинчиден, ЕАЭБге, ОДКБга, ШКУга мүчөбүз. Демек, эл аралык державалар менен эсептешүүгө айласызбыз.

 

- Сариев тууралуу киноңузда эмнелерди баяндамаксыз?

 

- Теги, бала чагы, студент кези, ишмерлиги, саясаттагы оош-кыйыш жолу... Негизинен адамдык касиет-сапаттары кең-кесири баяндалмакчы.

 

- Сариев тууралуу “банк кутучалары”, “Корумду жолу” тууралуу тескери пикирлер айтылып жүргөнүнөн кабардарсыз да?

 

- Ар бир иште, ар бир адамда кемчилик болбой койбойт. Деги эле чекилик издесек, эч бир кишиге ырыстуу баа берүүгө жарабайбыз. Андан көрө күтүрөп өсүп келаткан чыгаан уулдарыбызды башка-көзгө чапкылабай, кайра даңгыр жолго чыгуусуна көмөктөш болгонубуз оң. Бул – биринчиден. Экинчиден, андай өйдө-төмөн кептер саясаттан улам жаралса керек. Орустун таланттуу жазуучусу Валентин Распутиндин учкул ою бар: “Жыйырма киши жарышка түшсө, биринчи баратканды артындагы он тогузу жаман көз менен теше тиктейт” деген.

 

Саясатка кызыккан инсан катары Сариевге көптөн назар оодарып келем. Мындан он чакты жыл мурда эле парламент күчтүү кезинде Кубатбек Байболов, Муратбек Мукашев, Темир Сариев – үчөөнүн ар кандай кыйын кырдаалдарга айкын акыл-эс, терең билим менен жетик, туура баа бере билгендерине ыраазы болчумун. Андан бери мезгил салаалап, саясатчылар алмашты. Сариев аткаруу бийлигине өтүп, саясатта, башкарууда ийленди, бышты.

 

- Сариев президенттик шайлоого аттанып атат. Бирок, учурда коомчулукта рейтинги эң алдыңкы позицияда эмес.

 

- Ооба, бийликтик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышып учурда парламенттик ири партиялар социал-демократтар менен “Республиканын” талапкерлери көбүрөөк аталууда. Бирок, саясатта рейтинг деген бат эле алмашып кетет. АКШда рейтинги жогору Клинтон эмес, Трамп жеңсе, Францияда кийин чыккан талапкер Макрон такка келди. Өзүбүздүн тажрыйбага кайрылсак, 2011-жылы парламенттик шайлоодо рейтинги дуулдаган “Ата-Мекен” менен СДПКны оппозициячыл “Ата-Журт” артка калтырып, аутсайдер делинген “Ар-Намыс” үчүнчү орунга зыргыды. Демек, кызыктар алдыда. Сариевде эң алдыңкы позицияга чыгууга олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.

 

- Шайлоо курч болуусу күтүлүүдө. Элде “тополоңсуз тынч өтсө экен” деген чоочулоо турат. Сиз бул тынчсызданууга кандай карайсыз?

 

- Бийлик жана оппозиция эки тарапта кырды бычак кырдаалда турат. Ушундай кысталаң шартта дал Сариевдей центрист, эки тарап менен тең кызматташууга жөндөмдүү, ийкемдүү лидер керек. Мындай касиет саясатта компромисттик жана дипломаттык, а кыргызда акылгөйлүк деп сыпатталат.

 

 

Маектешкен Каныбек ТЕМИРОВ, Булак: "Майдан. kg" гезити