Бакыт Төрөбаев президенттик такка татыктуубу?

 

- Мен Бакыт Төрөбаевдин атасы Эргеш аксакалды жакшы тааныйм. Бакыт жакшы адамдын уулу. Башкача айтканда, Бакыт атанын уулу. Атасынын жолун жолдоп жатат. Атасынын жолун жолдоп элди техника менен камсыз кылууда. Өзү кошомат деле кылбайт. Бийликтин камчысын деле анча чаба бербейт. Мамлекеттин казынасына кол деле салган жок. Бул башка талапкерлерге салыштырмалуу жакшы жагы. Бирок, кичине амбициясын, напсисин тыйса болот эле. Анткени, комбайн менен депутат болсо болот. Аны бетине кармап, президент боло албайт да. Президенттикке аттанбай коё турушу керек эле. Бул президенттик такка анча даяр эмес. Бул жигит өзүнүн сабаттуулугу жагынан иштеши керек. 5-6 сүйлөмдөн 10 чакты ката кетирет деп угуп жүрөм. Мамлекетти башкарыш үчүн калыңыраак китеп окуш керек. Ошондой эле байлык, бийликке жетсе эле керкейип калбай кичине жөнөкөйүрөөк болушу керек. Кээде салам бербей калат “мен депутатмын” дегенсип.Кыскасы, Жалал-Абаддын деңгээлиндеги жигит. Бул улуттук деңгээлге өсүп жетиле элек. Дагы беш жылда бышып жетилбесе президенттик так бул үчүн эртелик кылат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити