Кыргыз коомчулугунда саясий маданият өтө пас деңгээлде экенин жашырып болбойт. Биздин элге төбөсү көрүнө түшкөн саясатчыларыбыз ким ага кошулса аны дос, кошулбаганын душман саноону адатка айлантып келе жатканы же жалганбы? Бул тенденция президенттик шайлоону утурлай дагы курчуду. Президенттик амбициясы ичинен уктатпай жаткан саясатчылар жеңишке жетүү үчүн атаандашын жеп ийгенден да кайра тартпай турушат.

 

Мына ушундай шартта “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков президенттик жарыш алдында башка талапкерлерге үлгү боло турган жакшы кадамга барышты. Алар саясий маданияттын жогорку үлгүсүн көрсөтүү менен апта башында Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өткөн “Ак Шумкар” партиясынын курултайына барып катышып, атүгүл сөз сүйлөшүп, президенттик жарыш алкагында атаандашы болуп саналчу Темир Сариевге татыктуу баа берип, ак жол каалашты.

 

Ачыгын айтыш керек, минтип окоптун ар тарабында турган саясатчылардын бири-бирине жылуу сөз арнап, колдоо көрсөтүп сөз сүйлөөсү көпчүлүктүн кубаттоосуна ээ болду, ошону менен бирге буга ичи чыкпай, мындан да саясат издегендер чыкты. Ошол замат интернет-ресурстарында “Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоодо Сариевди колдойт”- деген сөз пайда болду. Кыргызда “биригүү” деген жакшы сөз. Кыргыз элинин бактысына жаралган бул азаматтар бир жеңден баш, бир жеңден кол чыгара турган болсо, албетте мындан эл утмак да. Бирок, азырынча саясатта мындай биригүү пайда болгонун айтуу эртелик кылат. Балким, айрым бир күтүлбөгөн жагдайлар буларды биригүүгө мажбур кылаар. Ага чейин, андай болушу мүмкүн экенин бир дагы көзү ачыгың айта албайт.

 

Биригүү тууралуу маалыматты тактоо үчүн Камчыбек Ташиевге кайрылганыбызда, ал азырынча Темир Сариев менен бул маанайда сүйлөшүүлөр болбогонун билдирди. “Үчилтик” аталган топко Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев кирет. Президенттик шайлоого булардын арасынан бирөөсү гана катышат, калганы колдоп берет. Бул жентельмендик макулдашуу азыр да күчүндө турганын бизге Ахматбек Келдибеков билдирди. Үчөөнүн атынан кабыл алынган расмий чечим жакында боло турган “Ата-Журт” партиясынын курултайында ачыкталат.

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.