Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков жакындан бери «Таза коом» долбоорунун үстүндө иштеп атканы белгилүү. Бул долбоордун автору катары да анын аты аталууда. Ал турмак, бул долбоор жөнөкөй долбоор эмей эле, өкмөт башчылык орунду мээлеген «мергенчи долбоор» деп да айтылды.

 

Сапар Исаков «Марал» радиосуна берген маегинде бул долбоор президент Атамбаевдин Кыргызстандын элинин турмушун бир топ жогорку деңгээлге чыгаруу талабынан улам пайда болгонун айткан.

 

«Программанын башкы талпшырмасы – Кыргызстандагы санарип экономиканы куруу. «Таза коомдун» алкагында акылдуу жол чырактар, акылдуу жолдор, акылдуу күйүүчү май заправкалары жана башка санарип кызматтары болот», - деген аппарат жетекчиси.

 

Анан, Кыргызстанга мына ушундай пайда алып келип, калктын жашоосун алдыга жылдырууга аракеттенген долбоорго каршы чыккандар кыргыздын думшмандары экенин балп эткен.

 

Демек, «Таза коом» Исаковдун кызыкчылыгындагы долбоор болсо, бул долбоордун короосуна таш ыргыткандар, жалгыз анын эмес, жалпы кыргыздын душманы болушат экен.

 

Ммм…