С.Жээнбеков КСДПдан талапкер болуп чыгары саясий кеңеш жыйынында расмий айтылганы менен, ал азырынча кабагым-кашым дебей премьер-министрлик кызматын улантып жатат. Бул бир чети жарышка түшө турган башка талапкерлердин нааразычылыгын жаратса, экинчи жагынан, “так анын чыгаары бүдөмүк болуп турса, кантип ордун күн мурун таштап кетип калат”- дегендер да бар. Анткен менен, акыркы мезгилде Кыргызстанда жалгыз ушул Сокең эле иштеп жаткандай түр болууда, себеби Атамбаевди мактоону мамлекеттик ММК экинчи планга жылдырды. Кечээ бийлик талапкери өкмөттүк жыйын өткөрүп, Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн, Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетин жоюу иштерине көңүл бурду. Өкмөт башчысы жер титирөөдөн талкаланган социалдык объектилердин ордуна жаңысын курууга каражат бөлүнгөнүн айтып, бирок курулуш иштери башталбай жатканын белгиледи. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин – директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаров бул багытта так маалыматтарды айта алган жок, ал дароо жыйындан куулду. Байкушту эми иштен алат го. “Акча бөлүнгөн, кол коюлган. Эмнеге ишти баштабай жатасыңар? Чоң-Алайга барып көрсөңөр эл ичкенге суусу жок, ооруса бара турган оорукана жок. Жаңы төрөгөн аялдар чатырда жатат. Жолу оңдоло элек. Ушундай болуп жатса эл кантип өкмөткө ишенет? Кептин баары жоопкерчиликсиз жетекчилерде жатат. Тез арада бардык тиешелүү жетекчилерди жыйынга чогултуп, тапшырма берип ишти баштагыла. Кызматтан алсам, жөн жерден алды деп айтып чыгасыңар. Күйүп койбойсуңарбы ал жердеги элдин тагдырына?”- деди Сооронбай мырза. Атаганат, мурда кайда жүрдү эле, шайлоо башталганда гана эмес, дайыма ушинтип иштесе болбойбу?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (301), 21.06.2017-ж.