Бүгүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйын өткөрүп, лидерлери  Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого өзүн өзү жылдырган талапкер катары катышаарын билдиришти.

 

Журналисттердин БШК Текебаевдин талапкерлигин каттабай койсо эмне болот деген суроосуна Аида Салянова: «Биздин партияда мыкты юристтер иштешет.

 

Жаранды каттоого албоонун орчундуу себеби болушу керек. Шайлоо кампаниясын жакшы билген юристтер БШКнын  шайлоо мыйзамын бузушуна жол беришпейт. Мамлекетте мыйзам иштейби, же жокпу – бул башка маселе», - деди.