«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Акшумкар» партиясынын съездине катышты.
«Даярдыксыз эле келгем, бирок, айта турган сөзүм бар», - деп баштаган саясатчы Темир Сариевдин президенттикке талапкер болушун колдой турганын билдирди.
«Сиздердин өлкөнүн биримдиги жана тынчыгына болгон үмүттөрүщүздөр орундалат деп ишенем. Президенттик талапкер болчулардын баарынын көздөгөнү бирөө- ал мамлекеттин өнүгүшү. Бирок, билиш керек, баатыр жигиттер көп, а лидер бирөө гана. Лидер өлкөбүздү алдыга жылдыруусу керек», - деди Ташиев.