2010-жылкы июнь коогалаңына мына жети жылга аяк басты. Бирок, бул арада маселеге акыркы чекит коюлбай, жаңжалдын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн бири дагы мыйзам чегинде жазаланбай келатат. Муну Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттереш Ош калаасына жасаган иш сапарында дагы абдан баса белгиледи. “Энелердин көз жашы” эстелигине гүлчамбар коюп жатып ал Кыргыз бийлигин акыры-соң калыстыкты орнотууга бекем үндөдү.

 

- Борбор Азяиадагы бир катар өкмөттөр дүйнөдөгү ашкере катаал бийликтердин сабына кошулган, - деп агынан жарылды “Энелердин көз жашы” эстелигине гүлчамбар коюп жатып БУУнун Баш катчысы Антониу Гуттереш. -  Күч коолдонуу, бейтарап укук коргоочуларды жана башкаларды саясий жактан куугунтуктап, акырында түрмөгө камоо, бейөкмөт уюмдардын мыйзам ченмедүү каршылыктарын чектөө жана ооздуктоо, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге ачык эле сес көрсөтүү кадыресе көрүнүшкө айланып олтурат.

 

Ушунда улам дүйнөлүк үлкөн аткаминер жергиликтүү мамлекет башчыларын өз жарандарына күйүмдүү жана абдан калыс болууга үндөдү.

 

- Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү сыңары эл аралык милдеттенмелерин кыйшаюусуз ааткарууга тийиш! Буга улай демократия, адам укуктарын коргоо жана мыйзамды сыйлоо принциптерин дагы абдан бекем карманууга милдеткер! – деди Бириккен Улуттар Уюмунун Баш Катчысы Антониу Гуттереш Ош шаарында жергиликтүү жетекчилер менен жолугушуу маалында. -  Бул өңүттөгү мүчүлүштөрдү ар тараптуу жана дыкаат иликтеп, күнөөкөрлөрдү ээлеген кызматын карабастан токтоосуз жазалоого милдеткер! БУУнун Адам укугу боюнча комитети 2016-жылдын мартында эле камакта жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровду түрмөдөн эркиндикке токтоосуз бошотулушун талап кылган. Канакей, бул эл аралык норманын аткарылганы? Биздеги кабарга таянсак, бейөкмөт укук коргоочунун саламатчылыгы күн өткөн сайын улам эле начарлап баратыптыр.

 

Антониу Гуттереш БУУнун качкындар боюнча башкы комиссары кезинде Кыргызстанга эки ирет келгендигин, андан бери улуттар аралык мамилени чыңдоого Кыргыз Өкмөтү куп аракет жасап жаткандыгын дагы  баса белгиледи.

 

- Улуттар арасындагы биримдикти бара-бара чыңдап, жергеңиздерде тынчтыкты орнотуу аракетиңиздер күч экен, - деди ал. – Мында өлкө жетекчилиги тарабынан чукул жана келечектүү чаралар дагы көрүлүп жатыптыр. Жети жылда улуттар аралык араздашууну жойгонго дээрлик жетишипсиздер. Бу дүйнөдө көп улуттуулук, ар кыл маданият бүтүндөй адамзаттын жетишкендиги сыңары бааланууга тийиш!

 

Бул маселеге Кыргыз бийлиги кандай реакция жасайт? Албетте, алардын абийириндеги иш.

 

Бирок, 2010-жылдын июнь айындагы түштүк коогалаңынын чыныгы себептерин жана кесепеттерин ар тараптан кең-кесири иликтеген Улуттук Комиссиянын төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев дагы ошогездеги Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу эмдигиче жүзөгө ашпай келаткандыгына ичи ачышкандыгын дегеле жашырган жок!

 

- “Күч түзүмдөрү 2010-жылдын июнь айында улуттар аралык араздашуунун алдын алууга кудуретсиз эле”- дегендерге мен түк кошулбаймын! Ырас, ошол жылдын апрель жана май айларында алар толук бойдон деморалдаштырылып, чынында, такыр иштешкен эмес! А июнь айында, коогалаң маалында, тескерисинче, укук коргоо органдары өз күчүндө эле. Ошон үчүн Улуттук Комиссия мүчөлөрү Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровду, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаковду, Болот Шерди, Кеңешбек Дүйшөбаевди дагы жоопкерчиликке тартууну сунуш эткенбиз. Тилекке каршы, Улуттук Комиссиянын бул мыйзамдуу талабы эмдигиче арык аттап, суу дагы кечкен жок!

 

Ушинткен Абдыганы Эркебаев өзүнүн агездеги моралдык жоопкерчилигин дагы такыр танган жок!

 

- Ооба. Биз, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, анын ичинде Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева дагы бул жагынан моралдык жана саясий жоопкерчиликти тартууга тийишпиз! - деп тызылдады 2010-жылдын июнь айындагы түштүк коогалаңынын чыныгы себептерин жана кесепеттерин ар тараптан кең-кесири иликтеген Улуттук Комиссиянын төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев.

 

Ошентип, БУУнун Баш Катчысы Антониу Гуттерештин Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында 2010-жылдагы июнь коогалаңындагы улуттар арасындагы араздашуу жөнүндө нукура чындык акыры айтылды. Эми экс-президент Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 442 жарандын өмүрүн кыйган, 1000ге чукул адамды майыпка айланткан, 100гө чукул кишилерди дайынсыз жоготкон 2010-жылдагы кандуу июнь коогалаңы үчүн акыры моралдык жоопкерчилик тартканга батынышаар бекен? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарбыз…

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

2010-жылдагы июнь коогалаңын иликтеген Улуттук Комиссиянын мүчөсү,

өз кабарчыбыз, Ош шаары