- Равшан мырза, Ысык-Көлдөгү “Асыл Таш” пансионатындагы котеджиңиз өрттөлүп кеткени кокустукпу же аны кимдир бирөөлөр атайын уюштурганбы?

 

- Бул кокустук эмес, атайын уюштурулган окуя. Башкача айтканда, бийликке жакпаган, оппозициялык көз караштагы адамдарга атайын “коңгуроо” кылышкан. Жогорку деңгээлдеги бийлик Атамбаев баш болуп, массалык маалымат каражаттары аркылуу бийликке каршы көз караштагы саясатчыларды, граждандык коомдун өкүлдөрүн, оппозициялык маанайдагы массалык маалымат каражаттарын тизгиндөө үчүн кайра-кайра түз жана кыйыр түрдө  сотко, укук коргоо органдарына көрсөтмө берип, “буларды камагыла, булар жаман адамдар, ташбараңга алгыла” дегенге чейин барып жатышты. Кыскасы, президенттин көрсөтмөсүн мамлекеттеги бийлик өкүлдөрү жана  укук коргоо органдары жана кээ бир менин котеджимди өрттөп жаткан адамдар жетекчиликке  алып, ажонун сөзүн кыйыр түрдө ишке ашыра башташты.

 

- Балким, котеджиңиздеги өрт башка жактан чыккандыр?

 

- Өрт башка жактан чыккан эмес. Аны бензин чачып, атайын эле өрттөшкөн. Себеби, бензин чачылган үчүн тез күйүп кеткен. Өрт өчүргүч келгени менен жыгач котеджди өчүрүү кыйынга турган. Ошон үчүн кокустук эмес, атайын өрттөлгөн деп айтып жатам.  Атамбаевдин бийлиги келгенден бери ошол пансионатка байланыштуу чырлуу маселеге чекит коюлбай келет. Айтайын дегеним, сезон башталган сайын бизге тоскоолдук жаратыш үчүн “анысы, мунусу туура эмес” деп текшерүү байма-бай келип, ар нерселерди уюштурушат. Бир туруп текшерүүчүсү, бир туруп бандиттер келет. Кыскасы, бийликтин оппоненти дешеби, жок жерден шылтоо таап бизди баса калганга, ыңгайсыз жагдай жаратканга аракет кылышат. Айла жок 6 жылдан бери чыдап келе жатабыз. “Эсиңе кел!”- дештиби, 6 котеджимдин бирин өрттөттүрүп коюшту.

 

- Өрттөлгөн котеджиңизден канча чыгым болдуңуз?

 

- Бул жерде маселе чыгымда эмес, дүйнө бүгүн бар да, эртең жок нерсе. Барынын маанилүүсү - бүгүнкү күндө укук коргоо органдары тарабынан оппозициялык маанайдагы саясатчыларга жана бийликке жакпаган адамдарга кысым болуп, мыйзамсыз иштер орун алса, “эч кандай чара көрүлбөйт”- деген нерсени комго билдирип жатышат.

 

- КСДП “түндүк-түштүк” факторун эске алганы үчүн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөттүбү же анын президенттик жарышка чыгышынын  башка да сыры барбы?

 

- Биздин президенттер кетер маалында кадырын жоготуп, эл алдында баркы түшүп кетет. Кетип жаткан президентибиз да убагында жасаган реформаларына, даярдаган күчтүү кадрларына таяна албастан, бийлигин сактап калыш үчүн, каражат, үй-бүлө коопсуздугу маселесин чечиш үчүн ушинтип регионалдык маселелерге таяна баштады. Азыр да бийлик түндүк-түштүк картасы  аркылуу өзү калаган талапкерди өткөрүп алууга кызыкдар болуп турат. Сооронбай Жээнбековдун талапкер болушунун сыры ушул.

 

- Эмне үчүн шайлоо мезгилинде эле түндүк-түштүк деген маселе күчөйт?

 

- Биздин саясатчылар жана бийлик ийгиликке жетиш үчүн көп учурда ушул картаны пайдаланганга аракет кылат. Ошон үчүн шайлоо маалында түндүк-түштүк маселеси актуалдуу болуп чыга келет. Саясатчылар бул маселени көтөрүп, ал ыкманы биринчилерден болуп бийлик колдонуп жаткандан кийин, эл алардын артынан ээрчишке туура келет. Чынын айтыш  керек, шайлоодо эл деле ошол түндүк-түштүк факторун эске алып, добуш беришет. Бул биздин тилекке каршы жагымсыз реалдуулугубуз.

 

- Кыргыз паспортунан “улуту” деген 5-графаны чийдирип салган Сооронбай Жээнбековдо президент болуу мүмкүнчүлүгү барбы?

 

- Бул жерде бийлик эки нерсени эске алып жатат. Биринчиси - түндүк-түштүк фактору. Түштүктүн элитасын, добуш бере турган адамдарды  чогултуп, өткөзүп алабыз деп жатышат. Экинчиси, “колубузда административдик ресурсубуз бар. Мурдагыдай фальсификация кылабыз же команда берип, мамлекеттик кызматкерлерди добуш бердиртүүгө мажбурлайбыз”- деген максаттары болушу мүмкүн.

 

- Ошол эле мезгилде КСДП Сооронбай Жээнбековдон башка талапкерди сунушташы мүмкүнбү?

 

- Андай мүмкүнчүлүк да бар. Биз оппозициядагы саясатчылар Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги жалган жылдыруу болуп калышы да мүмкүн деп жатабыз. “Биз ушуну жылдырдык”- деп дагы жакынкы күндөрү КСДПдан дагы бир адамды жылдырууга юридикалык да, саясый да жактан  укуктары бар. Башка да талапкерлерди алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин социал-демократтар жылдыргандан кийин мурда “мени колдоп калабы, мени менен сүйлөшүп калабы?”- деген талапкерлердин бардыгынын картасы кандайдыр бир деңгээлде бузулду. Биринчиден, “мураскер болом” дегендердин андай үмүтү үзүлдү. Экинчиден, социал-демократтар талапкер чыгаргандан кийин башка талапкерлер 10догон, 100дөгөн миллион долларга тете каражаттарды коротууга мажбур болушат. Кыргызстанда президенттикке коё турган талапкердин абалы материалдык  жана саясый жактан бир топ оор болуп калды.

 

- Президенттик шайлоого күрөөнүн жогорулашы “байлар эле катышсын” дегендикпи же президенттик шайлоонун кадырын көтөрүү амалыбы?

 

- Менин оюмча 100 миң сомдук күрөө чынында эле аз. Президенттик шайлоонун күрөөсүн 1 миллион сомго көтөрүп жатканы логикалык жактан жана саясый жактан туура эле. Президенттик такты үчүн ат салышкан адам бир миллион сом таба ала турган, ошондой мүмкүнчүлүгү бар адам болушу керек. Экинчиден, куудулу деле, башкасы деле катышып, шылдың кылбаш үчүн күрөөнү көтөрүп, туура эле кылды.

 

- Президент да, шайлоону өткөрүүчү органдар да “бу сапар ачык-айкын шайлоо болот”- деген коңгуроо кагып жатышат. Бирок, административдик ресурс колдонулбайт деген кепилдик жок да.

 

- Эч кандай кепилдик жок. Тескерисинче, колдонот деген кепилдиктер бар. Биринчиси, 7 жылдан бери Кыргызстанда бийликке каршы чыккан массалык маалымат каражаттарын, граждандык коомдун өкүлдөрүн президент жана анын тегерегиндеги адамдар ооздуктоого жетишти. Экинчиси, азыркы укук коргоо органдары  толугу менен президентке көз каранды болуп, анын айтканынан чыкпай калды. Анткени, шайлоодогу фальсификациялар биринчи кезекте укук коргоо органдарынын колдоосу жана алардын ачыктан ачык ишке аралашуусу менен болот. Үчүнчүдөн, БШК толугу менен президентке көз каранды. Бүгүнкү күндө жогорку кызмат орундарына баргысы келген адамдар президенттин батасы менен кызматка коюлат. Президент жылдырган адамдын кимге кызмат кыла тургандыгы анык да. Мына ушул нерселердин баары шайлоо мурдагыдай эле болуп, бурмаланып, кир өтөт дегенге далил болот.

 

- Эгер Сооронбай Жээнбеков КСДПдан чыккан жалгыз талапкер болсо, премьер-министрлик кызматтан кетиши керекпи?

 

- Эгер тазараак шайлоо кылабыз десе албетте, Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетиши керек. Башка талапкерлер менен бирдей укукта, бирдей мүмкүнчүлүктө шайлоого барышы керек.

 

- Бул шайлоодо атаандаштык күч болобу же жыйынтыгы соодалашуу менен бүтүп калабы?

 

- Менимче, чыныгы атаандаштык болбойт. Анткени, Кыргызстандагы шайлоодо эки маанилүү күчтүү фактор бар. Бири, кыргыз бийлиги кимди колдойт? Экинчиси, “орус бийлиги кимди колдойт?”- деген. Шайлоонун жыйынтыгы мына ушуга  жараша болот. Эгер Орусия менен кыргыз бийлиги эки башка адамды колдой турган болсо, чатак ошол жерден чыгат. А эгер, Кремль да, Ак үй да бир талапкерге токтолсо, ал адам сөзсүз түрдө каалаган каалабаганыбызга, оппозициянын каршы турганына карабай утуп чыгат. Ошондуктан, орус бийлигинин кимди колдоору өтө чоң ролду ойнойт, Кремлдин колдоосуна татыган адам президент болот.

 

- Сиздин баамыңызда президенттик шайлоо канча тур менен өтүшү мүмкүн?

 

- Массалык маалымат каражаттары же болбосо саясат таануучулар аркылуу “эки тур болот”- деп элдин башын айландырып жатышат. Эч качан эки тур болбойт. Жогоруда айткандай Кремль менен кыргыз бийлиги бир адамга токтоло турган болсо, ал биринчи турда эле утуп чыгат. Анткени, күч-аракеттин баары бир адамга гана жумшалат.

 

Бирок, бийлик талапкер жылдырганы менен азырынча орус бийлигинен бата алганы билинген жок. Ошондуктан, азырынча Сооронбай Жээнбеков орустардын талапкери эмес. Менин оюмча кыргыз бийлиги Москвага менен сүйлөшүп, өздөрүнүн талапкерин колдотконго аракет жасайт. Эгерде ошол маселе чечилсе, маселе эч кандай кыйынчылыксыз чечилип бүтөт. Каршы чыккан талапкерлердин эки бутун бир кончуна тыгып, бизнесмен болсо жасалма түрдө банкротко учуратып, саясатчы болсо кылмыш ишин козгоп, түрмө менен коркутат. 

 

- Текебаевде шайлоодо жеңип чыга турган мүмкүнчүлүгү барбы?

 

- Текебаев түрмөдө олтурат. Сөз жок, күчтүү саясатчы. Куугунтуктагы адамды ар дайым эл жакшы көрүп келген. Бирок, жогоруда айткандай, Москва менен расмий Бишкек бир талапкерге токтолсо, башкалардын катарында Текебаевде да эч кандай шанс болбойт. Мындай шартта, башкалардын шайлоонун көркүн ачып, катышып, аракет кылуунун зарылчылыгы деле жок болуп калат.

 

- Сооронбай Жээнбековду “жетеленме, идеясы жок адам”- таризинде сындагандар көп...

 

- Кыргыз бийлигине да, орус бийлигине да адам канчалык алсыз болсо, ошончолук жакшы. Менин оюмча эки бийликке тең социал-демократтардын жылдырып жаткан талапкери аябагандай жагымдуу, келечектүү болот. Эгер жогорудагы эки бийлик ишеним арткан талапкер башкаларга жакпаса, аларга каршы пропаганданы колдонуп, массалык маалымат каражаттары аркылуу “пиар” кылып, эки айдын ичинде “мындан башка татыктуу киши жок”- деп айтып калабыз. 

 

- Оппозиция биригип, өзүнчө талапкер чыгара алабы?

 

- Мындай аракеттер болуп жатат. Оппозициялык көз караштагы саясатчылар “бир талапкерди чыгаралы”- деген ниетте иш кылып жатабыз. Бирок, чынын айтыш керек, азырынча бир жыйынтыкка келе элекпиз.

 

- Өткөн ай Улуттук демократиялык курултай менен аяктады? Ал жерде көтөрүлгөн маселелер орундуу эле болдубу?

 

- Курултай жакшы өттү. Курултайда атайын төр кеңеши түзүлүп, маанилүү маселелер көтөрүлдү.

 

- Курултайды конституцияга киргизип, жогорку бийлик бутактарын тескегендер  орган кылсак болчудай бекен?

 

- Мындай органды кабыл ала турган убакыт келди. Анткени,  Атамбаев башында турган бийлик эч кимге отчёт бере элек. Атамбаев 7 жылдан бери бийликте отурса да, бир жолу Жогорку Кеңешке келип, сөз сүйлөп, элге жеткиликтүү кылып,  кайрылуу жасаган эмес. Бүгүнкү күндө Атамбаевди көзөмөлдөй турган бир дагы уюм жок. Ал тургай Жогорку Кеңеш, сот, өкмөт, жергиликтүү кеңештин баарын Атамбаев чөнтөгүнө салып алды. Кыскасы, Атамбаевге окшогон чектен чыккан, эч кимге баш ийбеген президенттерди контролдогон уюм болушу керек. Ошол уюм Улуттук-демокаратиялык курултай болот. Демек, биз курултай институтун колдошубуз керек.

 

- Курултай максатына жетип, кандайдыр бир күчкө ээ болдубу?

 

- Өткөн тарыхыбызды караса,к курултайдын күчү зор. Ошол курултайлардын тарыхмтагы ордун калыбына келтирсек, бийликке каршы туруу механизми пайда болот. Бийликке каршылык көрсөтүүчү уюмдар түзүлүп, бир убакта  бийлик алар менен эсептеше баштайт. Азыр ошол процесс жүрө баштады.   

 

 

 

Чынайым Кутманалиева , Булак: "Майдан. kg" гезити