Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №1-кесиптик лицейдин имаратында жайгашкан 2098 шайлоо участкасында ачыктан ачык эле көз боемочулук фактысы катталып, бул өз учурунда чоң чатактын чыгышына түрткү болгон эле. Эске салсак, аталган шайлоо участкасында 1742 шайлоочу катталган. Шайлоого идентификацияланып (өздүгү такталган) катышкандардын саны 1171ди түзгөн. Бирок, урнадан белгисиз себептерге байланыштуу 3 бюллетень ашыкча табылган да, добуш берүүгө катышкандардын саны 1174тү түзгөн. Өздүгү такталган адамдар канча болду жана шайлоодо колдонулган бююлетендердин саны көрсөтүлгөн протоколдордо участкалык комиссиянын мөөрү коюлуп, 3 бюллетень мыйзамсыз берилип кеткени тастыкталып турат.

 

Мыйзам талабына ылайык, аталган участкадагы шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылышы керек эле. Дал ушул себептүү  БШК мүчөлөрү Назарали Арипов жана Атыр Абдырахматованын сунушу менен, аталган шайлоо участкасындагы бардык бюллетендерди кайрадан санап чыгып, эгер жогорудагы фактылар аныктала турган болсо, конкреттүү 2098 участкасындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу маселеси каралган. Мыйзам бирөө эле, аны ар кандай бурмалап, будамайлаганга жол бербеш керек. Бирок, БШКнын 11 мүчөсүнүн алтоосунун каршылыгы менен бул сунуш өтпөй калган. Мындан улам “Ата Журт” мекенчил саясий партиясынын Жалал-Абад шаардык бөлүмү БШКнын жогорудагы мыйзамсыз чечимин сотко берген.

 

Себеби, бул өтө принципиалдуу маселеге айланып турат. Бийлик партиясы ар кандай арам жолдор менен женишке жетүүгө умтулганы айдан-ачык. Бирок, муну алар кандай максат менен жасап жатат, ит билеби? Анан да, жогорудагыдай ашыкча бююлетень киргизип жиберүү амалы бир гана Жалал-Абадда болгон окуя эмес. Эми ушундай көз боёмочулук президенттик шайлоодо, жалпы республика боюнча колдонула турган болсо – эмне болот? Бул жагдай - күзүндө өтө турган президенттик шайлоо алдында башкы репитиция эмеспи? Минтип “мимо кассы” кеткен бюллетендер ар участокто бирден, экиден болуп олтуруп, жыйынтыгында миндеген добушту камсыз кылат эмеспи. А бул жагдай - шайлоо жыйынтыгына олутту таасир тийгизет. Дал ошондуктан да, Жалал-Абад шаарындагы бир участоктон чыккан ашыкча 3 бюллетень чыры сотто кандай каралат, баарыбыз үчүн маанилүү болчу.

 

Бирок, фактылар даана көрүнүп турганына карабастан, өткөн жумада баягы “бийликтин заказ аткаруучу конторасы” атка конгон Биринчи май райондук соту “Ата Журттун” арызын четке какты. Алар БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун расмий протокол түзүлүп бүткөндөн кийин токуй салган жасалма актысына таянышууда. Суроо туулат - анын колуна жасалма протокол көтөрүп алып, куру чечендикке салып, ашкере жанталашып жатышында эмне сыр бар? Мыйзамдын бузулуп турганы даана көрүнүп турса да тескери ашатып киргени – жеке кызыкчылыгы да бар экенинен кабар бербейби? Себеп дегенде, эгерде аталган шайлоо участкасында жыйынтыктар жокко чыгарыла турган болсо, кээ бир партиялардын ала турган мандатынын саны азайа түшөт экен. Ачыгын айтканда, санап чыгышса, КСДПнын мандаты кемийт. Абдыжапар бийлик партиясына кызмат көрсөтүп, чоң олжого туйтунгусу келип жатат го кебетеси. Бир байкуш экен го.

 

Эми аталган маселени эртең, 15-июнда Жогорку сот карайт. Адилеттүүлүк орнойбу же бийлик партиясынын кызыкчылыгы үчүн мыйзамды да тебелей берген адат кайра кайталанабы?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл.