- Менин эски таанышым бир ирет минтип айтты: “Кыргызстан кандай карабагын демократиялык өлкө да, аны катардагы зоотехник да башкара алат”. Адистик көрөңгө балким маанилүү нерсе чыгаар, бирок ал анчалык деле керектүү сапат эмес. Мына караңыз, Баларусту колхоздун төрагасы башкарып келатат. Тажикстанда деле ошол көрүнүш. Мындан эч нерсе болуп кеткен жок. Андыктан, эмне үчүн зоотехник, мурунку орус тил мугалими өлкөнү башкара албасын? Себеби кеп анын көп жылдар мурун алган дипломунда эмес. Кеп – анын өлкө акыркы жылдары түздөн-түз түшүп бараткан чуңкурдан чыгарып алууга кудурети жетер-жетпесинде жатат. Мына ушул жагдайга келгенде менде күмөн саноолор пайда болууда. Албетте, Жээнбеков менен жеке тааныштыгым жок, анын жеке ишкерлик сапаттарын билбейм. Балким, Кыргызстанга кандайдыр бир коррупциялык иш-аракеттерге аралашпаган адам керектир? Сиздер билесиздер да, мен Атамбаевге өз ишинин адиси катары сын көз карашты карманган адаммын. Ар дайым президенттик кызмат Атамбаев үчүн чоңураактай сезилип келген. Мүмкүн, Жээнбеков деле Атамбаевдей эле варианттыр, бирок эмоциялуулук жагынан ага караандабайт.

 

(“Общественный рейтинг” гезитине берген маегинен)

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл