15-июнда өлкө президентинин тактысы үчүн ат салышуу ниетин билдирген адамдарды жылдыруу, б.а. көрсөтүү жараяны “старт” алат. Буга байланыштуу, июнь айынын аягында бир катар партиялар өз съезддерин өткөзүү камылгасын көрүүдө.

 

Негизи, азыркы талапкерлердин арасынан көчтү Темир Сариев баштап берди эле, маалыматтарга караганда, анын “Ак Шумкар” партиясынын курултайы да башкалардан мурда өтөт. Анда албетте, Темикенин талапкерлиги расмий статуска ээ болот.

 

КСДПнын съезди 15и, андан соң 19уна жылдырылып, учурда так мөөнөтү белгисиз. С.Жээнбековдун көрсөтүлүшүнө ичи чыкпагандардын бир даары Сагынбек Абдырахмановду, дагы башка топ Чыныбай Турсунбековду колдоп атканы, ички атмосфера оор экени айтылууда. Эгер бийлик партиясы мындай ички интригалардан арыла албаса, жеңишти камсыз кылуу абдан оор болору бешиктеги балага да белгилүү. Айтор, Сокени КСДПнын саясий кеңеши жылдырганы менен, акыр-аягында ким чыгаары, табышмак болууда.

 

Ай соңунда “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясы, “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын да курултайлары болот. Мисалы, “Ата-Журт” учурда Ахматбек Келдибековду чыгара турганы айтылууда. Аталган партиянын электораты арбын экенин эске алганда, партия чыгарган талапкердин шансы кыйла дурус болот. Анын үстүнө, партия кайрадан куруу процессине тушугуп, учурда анын катары бир топ үлкөн саясатчылар менен толукталууда.

 

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” Бакыт Төрөбаевди көрсөтмөк. Бирок, алар “ата-мекенчилер” менен биригип, алардын талапкери – Текебаевди колдошору да сөз болууда.

 

“Республика” партиясынын курулайы качан өтөрү айтыла элек. Алар партия лидери Өмүрбек Бабановдун президенттик шайлоого катышарын мурда жар салышкан. “Бир бол” партиясы учурда Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлигин жылдыруу маселесин талкууга алууда. Өзүн-өзү жылдыруу аркылуу коомдук ишмер Камила Шаршекеева, жаш ишкер Санжар Энназаров жарышка катышуу камылгасын көрүүдө. Арийне, мындан тышкары Турсунбек Акун, Турсунбай Бакир уулу өңдүү бир нече адам шайлоого аттанып жатканын жарыялаган. Бирок алардын баары президенттикке аттангандар үчүн күрөөнүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго көтөрүлгөнүнө байланыштуу оюндан четтешти. Катышкан күндө деле жыргатмак беле!

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл.