Жогорку Кеңеш (ЖК) тарабынан конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип, күзүндө боло турган президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрда болоору такталды. Бүгүн-эртең ЖК президенттик шайлоону дайындоо тууралуу токтом токуса эле талапкерлер расмий көргөзүлө баштайт.

 

Буга чейинки нечендеген шайлоолордо админстративдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгү бар бийлик башындагылардын мөөрөйү үстөм болуп келгенине көнүмүш боло түшкөн кыргыз коомчулугу деле адатынча кулак түрүп, “бийликтики эле өтөт, бийликтин талапкери ким болоор экен?”,- деп кышы бою кулак түрүп отурушту. КСДПнын ичинен тымызын “мен болом” дегендердин демин суутуп, саясый кеңеш учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштады. Премьер-министрдин талапкерлиги көрсөтүлүшү маселеге чекит койо албаганбы (?), айтор дагы деле ички интригалар токтобой, партиянын 15-июнга белгиленген сьезди а дегенде 19уна которулуп, эми дагы артка, белгисиз мөөнөткө жылдырылганы маалым болду. 

 

Сьезддин жылдырылышынын себептерин ар ким ар кандай жоруп, “даярдыктын  жоктугу”, “талапкерге ичи чыкпагандардын каршылыгы” тууралуу жоромолдор тынымсыз таркап жатат. Алмаз Атамбаевди 20-июнга белгиленген Москвага иш сапары менен байланыштырып, “ошол жак менен кеңешип, бир чечимге келгенден кийин, анан сьездге алып чыгат го?”,- дегендер да бар.

 

Бир чети, акыркы кездерде эл аралык террорчуларды бир миллардд долларга каржыландырганы (расмий Доха 1 миллиард долларды аңчылыкта жүргөндө уурдалган королдук үй-бүлө мүчөлөрүн кайтаруу үчүн ирандыктарга жана жихадчыларга төлөгөнүн айтса, Перс булуңундагы башка мамлекеттер муну “террорчулукту жашыруун каржылоо” катары эсептешет) ачыкталып, АКШ баш, Сауд Аравиясы төш болгон ондогон мамлекеттер тарабынан блокадага кабылып жаткан Катар мамлекетинин Кыргызстандагы аттуу-баштууларга финансылык жардамдар келип турганы белгилүү болуп, ошондон улам Орусия тарап КСДПнын талапкерлигине ичи чыкпай, каршы болуп жатканы тууралуу кептер тарап жатат. Буга чейин премьер-министирдин иниси Асылбек Жээнбеков менен тууганы - Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушовдун Катар менен байланыштары ЖМКларга жарыяланып келген. Ошондон улам, “Катар менен байланыштарга, келген каржыларга Сооронбай Жээнбековдун да тиешеси болгон үчүн, орустар каршы чыгып атат да, Атамбаев Кремлди угууга аргасыз, анда КСДП айласыздан талапкерин алмаштырууга мажбур болот!” деген кептер таркап жатат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (300), 14.06.2017-жыл.