Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акунду кыргыз эли абдан акыйкатчыл, адилеттүү, эч нерседен коркпогон инсан катары абдан сыйлап келген эле. Мына, досу Өмүрбек Текебаев, саясатчы Садыр Жапаров камалганда да чыркырап, митингде жүрдү. Бирок, жаш өткөн сайын адам мокоп калат турбайбы. Бул кризис Тукеңе да жетиптир. “Жыпар Жекшеевден эмнем кем, мен деле дүжүр чал болгонду билем”,- дегениби же бул?

 

Биздин мындай жыйынтыкка келишибизге Турсунбек Акундун редакцияга жолдогон кайрылуусу түрткү болгон. Анда укук коргоочу коомчулук тарабынан катуу сынга алынып жаткан “Таза коом” долбоорун аябай мактаптыр. Мына, окуп көрүңүз:

 

“Мен  укук коргоочу катары буга чейин азыркы Атамбаев жетектеген бийликтин кээ бир кемчиликтерин айтып, негизинен сындап келген адамдардын биримин. Бирок биз өлкө жетекчилигинин жакшы иштери болсо ич тардык кылбай аны да айтып турушубуз керек деп эсептейм.

 

Мамлекет жетекчилиги  тарабынан “Таза коом” долбоорунун иштелип башташы жалпы коомчулук колдой турган иш. Биз канча сындап келсек да, өлкөнүн азыркы жетекчилиги мөөнөтү 2040-жылга чейин камтыган бул долбоорду иштөөгө киришкени чоң жоопкерчилик жана тобокелге салган күрдөөлдүү концепция болуп саналат.

 

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлорүнөн түрдүү эксперттердин жана адистердин келишинин өзү эле чоң мааниге ээ. Бул долбоорду баштоодо жана ишке ашырууда президент Атамбаевдин жана анын командасынын ролу зор. Эгерде Президенттин бекем эрки болбогондо мындай келечектүү иштерди баштоо мүмкүн эмес болчу. Ал эми президенттин командасындагы жаңы муундун өкүлү болгон президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун бул багыттагы аракетин колдоого алышыбыз керек.  Ал "Таза коом" долбоорун баштап жана аны ишке ашыруу үчүн өзүңүн бардык интеллектуалдуу деңгээлин көрсөтүп, дүйнө коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүп,  бул ишке баш оту менен киришип жатканын кыргыз коомчулугу көрүп турат.

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы бул долбоорго чындап киришип катуу аракеттерди көрүүдө. Анын аз сүйлөп, көп иштеп жатканын да эл баалап жатат. Эми октябрь айынын ортолорунда "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу алкагында Президент Атамбаев жана Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш катышкан жыйын Бишкекте өткөнү жатканы бул долбоордун келечектүү экендигинен кабар берет.  

 

Ошондуктан Президент Атамбаевдин бул долбоорун өлкөнүн жалпы эли колдоого алып, анын ишке ашуусуна ар бир жаран өз үлүшүн кошушу зарыл”.

 

Муну кыргыз бийлигине арналган дифирамба десек, ким каршы чыгат? Ой-боой Туке, сизден муну күткөн эмеспиз!

 

 

Арипбай Саламатов, Булак: “Майдан. kg” гезити