Өткөн жумада президенттин Жарлыгы менен Фарид Ниязов кеңешчилик кызматтан бошотулуп, кайра эле ошол күнү коомдук башталышта кеңешчи болуп дайындалды. Андан кийин Ф.Ниязов президенттик шайлоодо бийликтин талапкери С.Жээнбековдун штабын жетектей тургандыгы ачыкка чыкты. Мурда Ак үйдүн парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорун президенттин башка кеңешчиси И.Илмиянов жетектечү эле. Демек, бул ирет өтө маанилүү саясый өнөктүктүн - саясый оюндардын алчы-таасын жеген жана териси калың адамга табышталып жаткандыгына караганда, бийлик “чоң казатта” жеңишке сөзсүз жетүүнү көздөп калгандыгынан кабар берип турган жокпу? Канткен менен А.Атамбаевдин карьерасын акыркы 10-15 жылдан бери коштоп келаткан адамдын ишенимге киргендигинде шек жок. Кыскасы, Ак үй эмитен эле президенттик шайлоого шайма-шай камданып, баардык мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди өз талапкерине гана добуш берүүгө мажбурлаган эски “ыкма” колдонулары да ачыкка чыгууда. Ошентип Атамбаев жана анын тегерегиндегилер бийликти колдон чыгарбай тургандыгы белгилүү болуп калды. Демек, “шайлоо таза өтөт, эл өзү каалаган адамды президенттикке шайлап алат”,- деген сөз жөн эле кулакка илинген кесме окшойт.

 

 

Булак: “Майдан. Kg» гезити