5-июнь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда белгилүү саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери, экс-спикер, депутат, эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы менен далай мыйзамдарынын “атасы” аталган Өмүрбек Текебаев жана анын шакирти, ӨКМдин мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту башталды. Бул “кылым сотуна” жалпы кыргыз журту чоң кызыгуу менен көңүл буруп турушат. Анткени аларга тагылып жаткан коррупциялык иш боюнча коомчулукта эки анжы пикир бар. Ө.Текебаев баш болгон “ата-мекенчилер” өздөрүнүн актыгын, буга тийешеси жоктугун белгилесе, УКМК, ИИМ далилдүү фактылар бар экендигин айтышууда. Бул суроонун жообу соттун жүрүшүндө аныкталаар. Ал эми темир тордун артында олтурган Ө.Текебаевдин алгачкы сөзү “моралдык үстөмдүк мен тарапта”- болду. Ошондой эле соттон отурумду кыргыз тилинде алып барууну талап кылып, “Сиз өз элиңиз менен котормочу аркылуу сүйлөшөсүзбү?”,- деп “сындырды”. Бирок сот залынан түз видеоберүү уюштурууга тыюу салынышы отурумдун ачык-айкын өтөрүнөн шек жаратууда. “Өз убагында Өмүке канчалаган саясатчыларга ор казып, өзү түзгөн системанын курмандыгы болду, убалын, азабын эми тартып олтура берсин”- деп айткандар да бар. Дегинкиси мыйзамдардын “атасын” катардагы кыргыз соту кантип соттойт болду экен?