Бул маалыматты биз менен бөлүшкөн Апрель элдик революциясынын баатыры Кайып Шери президент Атамбаевдин Кеминдеги күйөө баласы бирөөлөрдүн иштерин “тымызын бүткөрүп берем, каалаганыңды орундатам”- деп кимдир-бирөөлөрдөн акча алып жатканын, бирок, иши оңунан чыкпай, берген убадасын аткара албай калганын айткан.

 

Маалымат жарыя болгон соң көптөгөн телефондук чалуулар, электрондук дарекке каттар келип түштү. Сөз болуп жаткан нерсе түздөн-түз мамлекет башчысынын кадыр-баркына тийиштүү болуп жаткан соң, көпчүлүк окурмандар Атамбаевдин мындай күйөө баласы деги эле бул жарыкчылыкта жоктугун белгилешти. Буга комментарий берген айрым окурмандар: “Айдар менен Максимдин жолун президенттин балдары баспады. Эми аргаңар жок, ушак таркатып, түз жерден жаманатты кылгыңар келип жатыптыр”,- дешти.

 

Териштирип көрдүк. Президентте мындай күйөө баласы жок экен. Ошондо, Айдар менен Максимдин ордун баскан күйөө бала тууралуу кеп – жөн гана ойдон чыгарылган ушак болуп калабы?