Президент А.Атамбаев кызматтан кетерине 4 ай калган менен мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун жарыялашы баардыгыбызды таң калтырган. Анткени бул өлкөнү 2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Ал тургай ажобуз жакында Кытайга барган үлкөн экономикалык форумда да дүйнөлүк лидерлердин кулагына тээп, жар салган. Бул “кылым” долбоорун ишке ашыруу аппарат жетекчиси С.Исаковдун көзөмөлүнө алынган. Жалпак тил менен айтканда, “Таза коом” аркылуу баардык мамлекеттик мекемелерде иш жүргүзүү автоматташтырылып, кагаз көтөрүп чуркоо жоголот экен. Демек, жеп тойбогон ач көз коррупционерлер жоюлат. Бирок баарынан кызыгы, эки-үч жылда ишке аша турган бул долбоор үчүн 360 млн. АКШ доллары талап кылынат. Бийлик бул акчаны кайдан табат? Өкмөттүн капчыгы болсо, какшып турат. Баарыбыз үчүн табышмак болгон бул суроонун жообун жакында экс-президент Р.Отунбаева тапты. Көрсө, азыркы бийлик адатынча эл аралык каржы уюмдарынын башын айландырып, жогорудагы ири суммадагы акчаны өндүрүп алуу амалын издеп атышыптыр. Жакынкы күндөрү Дүйнөлүк банктын Борбор Азиядагы директору Лилия Бурунчук, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Орусиянын жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Таза коомдун” бетачарын өткөрүү пландаштырылып жатышы апчебиздин божомолун далилдеп койгон жокпу? Эмнеси болсо да карышкыр карышкырдын оюн айттырбай билет эмеспи...

 

Булак: “Майдан” гезити, №20 (298), 31.05.2017-ж.