Салтанатта Мамлекет башчысы куттуктоо сөзү менен сүйлөп, мыкты аскер кызматчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. 


Мамлекет башчысынын сөзү:


«Жолдош офицерлер жана генералдар!


Жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер!


Урматтуу Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери!


Урматтуу мекендештер!


Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!


Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бак-таалай каалайм!


Урматтуу мекендештер!


Кыргыз Армиясы чейрек кылымда эгемен мамлекетибиз сыяктуу эле чоӊ сыноолордон өттү. Кезинде керек болгон куралы, жада калса кийими да жетишпей, далай кордуктарга чыдады.


Ал эми 90-жылдары мамлекет жетекчилери тарабынан айтылган “Кыргызстанга армиянын эч кереги жок” деген ой-пикир офицерлердин, аскерлердин шагын такыр сындырып, улуттук армиянын түптөлүшүнө зор зыян келтирген.


Анысы аз келгенсип, өлкө башчылары армияга керектүү бир топ курал-жаракты, аскердик учактарды ит бекер сатып жиберишкен.


Мындай мамиленин натыйжасын Баткен окуяларында көргөнбүз. Террористтердин чакан тобуна 1999-жылы 4623 аскер, 2000-жылы 6675 аскер туруштук көрсөтүп, 1999-жылы 18 аскер, 2000-жылы 31 аскер шейит болгон, ондогон аскер жаракат алган.


Бирок өлкө башчыларына бул окуялар да сабак болгон эмес. Куралдуу күчтөргө мамиле да өзгөргөн жок. Ошондуктан, армиябыздын даярдыгы, аскерлерибиздин абалы көп жылдар бою оңолбой келди. Анын оор кесепеттерин 2010-жылы түштүктөгү каргаша маалында көрдүк. Армиябызда тартип жок, башкаруу чабал, куралы тартыш экенин көрдүк. Башчылары армияны ойлобой, саясатты ойлоп.


2011-жылы, эгемендиктин 20 жылдык майрамында аскер парадын өткөрөлү десек, эскирип, ышпалдасы чыккан техниканы кантип аянтка чыгарабыз деп офицерлер намыстанышкан. Баарыбыз намыс- танганбыз!


Чын эле айрым техника аянтка жетпей эле жолдон токтоп калган.


Ошондуктан, Президент болгондон кийин мен үчүн аскердик реформа, Кыргыз армиясын бутка тургузуу эң биринчи максаттардын катарында болчу.


«Өз армиясын бага албаган эл бөтөн армияны багат” деген сөз бар. Бул азыркы учурга да туура келет. Курсагы ач, куралы тартыш же эски, кийими бүтүн болбогон жоокерлер кантип эл-жерин коргойт? Айлыгы аз, үстүндө үйү жок офицерлер кантип кан-жаны менен мекенин коргоп, кол алдындагы аскерлерди башкарат?


Кудайга шүгүр, азыр абал башка. Азыр мамлекет аскерлердин күнүмдүк тиричилик маселелерине, айрыкча турак-жайына тынымсыз көӊүл буруп жатат, жыл сайын кабат үйлөр салынып, аскер кызматчылары конуштуу болуп жатышат.


Аскердик реформа жүрүп жатат. Куралдуу күчтөр бир күч, бир муштум болуп, бир жерден - Башкы штабдан башкарылып калды.


Бир кезде аскерге барат десе уландар да, алардын ата-энелери да жаа бою качышса, азыр аскер өнөрүнө кызыгуу артып, аскер кызматынын бедели өсүп жатканын көрүп турабыз. Акыркы жылдары армияда өз ыктыяры менен кызмат өтөгөн жогорку билимдүү жигиттердин саны 30 пайыздан ашты. Бул дагы бир чоң көрсөткүч!


Урматтуу мекендештер!


Төрт жарым айдан кийин, 15-октябрда кыргыз эли өлкөнүн жаңы Президентин шайлайт.


Албетте, мен да акыркы айларда өткөн-кеткенди эстеп, Президент катары жасаган иштеримди талдап жаткан кезим.


Кудайга рахмат! Өткөн беш-алты жылдын ичинде Жараткандын жардамы менен өлкөбүздү, элибизди кыйнап жаткан бир топ көйгөйлүү маселелер чечилди. Кыргыз көчү өзүнүн жолун таап, күндөн күнгө түзөлүп, кең келечекти көздөй баратат.


Ошондой эле өткөн жылдардын ичинде өлкөбүздө бир топ болочок ийгиликтердин пайдубалы түптөлдү.


Айрым жетишкендиктерди азыр деле айтсак болот. Бул, албетте, биринчи кезекте өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук. Элибизде ойгонгон байыркы бабалардын руху, күч-кубаты.


Жетишкендиктердин катарына мен азыркы Кыргыз армиясын дагы кошот элем.


Үч-төрт ай мурда Генералдык штабдын башчысы генерал Дүйшөнбиев иш боюнча келип, эки-үч маселени айтып, анан мага карап: “Алмазбек Шаршенович! Эми накта армиябыз бар!” – деп толкунданып айтты.


Бул сөздү укканда көзүмөн жаш чыгып кете жаздады, ушундай сүйүндүм! Абдан сүйүндүм!


Анткени, мен бул сөздү 2010-жылдын июнь каргашасынан бери суудай күтүп жүргөм.


Ошол каргашалуу июнда мага күч органдарынын башчылары: “Коңшулардын армиясы кирип келсе, туруштук бере албайбыз”, - деп ачык айтышкан. Бул сөз ошондо жүрөгүмө бычактай тийген. Бычак болуп, жүрөктө калган.


Андан кийин да коңшулар менен мамиле эки-үч жолу курчуганда, “армиябыз алсыз, даярдыгы жок”, - деген сөздөрдү генерал Алымкожоевден уккам, анан ошол эле сөздөрдү генерал Дүйшөнбиевден да уккам.


Урматтуу мекендештер!


Кыргыз эли эзелтен өз армиясын “Кол” деп атаганы бекеринен эмес. Армиясы жок эл колу жок кишиге окшош, өзүн өзү коргой албайт.


Ошондуктан, Президент болгон күндөн баштап мен кыргыз элинин Колбашчысы катары ошол Колдун күчтүү болушуна, куралдуу болушуна болгон аракетимди жумшадым.


Натыйжада беш жылдын ичинде Куралдуу күчтөр толук өзгөрдү. Саны да өзгөрдү, сапаты да өзгөрдү. Курамы да өзгөрдү. Башкаруусу да өзгөрдү.


Мурда Куралдуу күчтөр ар кимге баш ийип, ар кайсы жакка соройгон бармактарга окшосо, эми бир жерден башкарылып, бир муштум болду.


Армиябыз чакан бойдон калды. Бирок, эми саны да, сапаты да Мекенибизди ар кандай душмандан коргоп калуу үчүн жетиштүү.


Дос мамлекеттердин жардамы менен армиябыз заманбап курал-жарак менен толук камсыздалды. Албетте, ал куралдар кол салуу үчүн эмес, коргонуу үчүн. Мисалы, бомбардировщиктер жок - биз бирөөгө кол салбайбыз. Бирок, чоочун учак кирип келсе - кайра соо кетпейт.


Армиянын сапаты да түп-тамырынан өзгөрдү. Жоокерлердин 30 проценти жогорку билимдүү.


Мындай жакшы өзгөрүүлөр көп.


Ошондуктан, урматтуу мекендештер, офицерлер, бүгүн мен сиздерге Президент катары, Колбашчы катары расмий айтсам болот:


Эми кыргыз элинин кайрадан Колу бар, Ата-журтун коргой турган, сактай турган күчү бар! Аскери бар!


Кудайга рахмат!


Бизден жардамын аябаган дос мамлекеттерге рахмат!


Ушул залда отурган генералдарга, офицерлерге рахмат! Армияда кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан эр жүрөк жигиттерибизге рахмат! Эр жүрөк жигиттерибизге рахмат! Анткени, “Чептен эрдин жүрөгү бек” деп айтат кыргыздар. Жүрөк болсо – чеп турат, жүрөк жок болсо – чеп урайт!


Урматтуу мекендештер!


Урматтуу офицерлер жана генералдар! Жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер!


Сөзүмдүн аягында баарыңыздарды дагы бир жолу бүгүнкү майрам менен куттуктайм!


Баарыңыздарга узун өмүр, чың ден соолук, бак-таалай каалайм!


Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!"