Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы Башкы прокуратура, УКМК менен биргеликте «Альфа-Телеком» ЖАКсынын офшорго чыгарылып кеткен финансылык активдерин кайтарып алуунун жыйынтыктоочу этабын жүргүзүүдө. Бул тууралуу 17-майда Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Айбек Кадыралиев билдирди.

 

Финансылык чалгындоо кызматы Лихтенштейн княздыгынын финансылык чалгындоо бөлүмү менен биргеликте Кыргызстандан чыгарылып кеткен активдерди таап, аны тоңдуруп койгону маалым болду. Ал активдер Лихтенштейн соту тарабынан камакка алынган. Кеп 2 млн. доллар тууралуу болуп атканын Айбек Кадыралиев эскертет. Анын айтымында, 2017-жылдын 13-майында Кыргызстандын Жогорку соту «Альфа-Телеком» ЖАКсына байланыштуу иш боюнча төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтырган. Анын ичинде, кызматтагы жактар А.Абеков, Мурзалиев жана Аман уулу Кенжебек IT-жабдууга ээлик кылуу менен компаниядан 14 млн доллар чыгарып кетишкен, анын 6 миллионун майдалоо жана активдерди түрдүү юрисдикцияларга багыттоо аркылуу уурдашкан. «Биргелешкен аракет менен бардык активдер табылды жана камакка алынды», - дейт ал. Эми бул активдер бир нече этаптар аркылуу кайра кайтарылып келет.

 

Мына ушундай маалымат чыгаары менен социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары уурдалган 2 млн. доллар өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаева тарабынан чыгарылып кеткени тууралуу пикирлерин жаза башташты. 

 

Мисалы, комментарийлердин биринде: «Финансылык чалгындоо кызматы Лихтенштейн княздыгынын финансылык чалгындоо бөлүмү менен биргеликте Кыргызстандан чыгарылып кеткен активдерди таап, аны тоңдуруп койгону маалым болду. Ал активдер Лихтенштейн соту тарабынан камакка алынган. Кеп 2 млн доллар тууралуу болуп жатат. А сиз билесизби бул акчалар кимдики? Креслоңуздардан кулап кетпеңиздер, биздин Розочка Исаковнаныкы. Ал Абеков үчүн кандайча коргоо аракетин көргөнү эсиңиздердеби? Ал Абеков аркылуу бул акчаларды чыгарып кеткен. Мына ушундай бизде «Божья коровка»»,- деп жазылат.

 

Чындыгында эле убагында «Мегакомдун» жетекчилеринин бири болгон А. Абековду Р. Отунбаева канатына калкалап жүргөнүн жакшы билебиз. Көрсө, кептин баары 2 млн. долларда жаткан турбайбы. Эми буга тийиштүү органдан көңүл буруп, мыйзам чегинде чара колдоноор бекен?