Бишкек, «Саясат. kg». Экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстандын президенттигине татыктуу талапкердин чыгышын каалай турганын айтты.
Бул тууралуу ал алдыда боло турчу шайлоо маселесине арналган жарандык форумда билдирди. Форумду “Жарандык көзөмөл комитети” уюштурган. Аны уюштуруунун максаты - президенттик шайлоого даярдануу жана үгүт иштери ачык- айкын болушун камсыздоо.
Дебатка экс-президент Роза Отунбаева, экс-пермьер- министрлер Темир Сариев, Феликс Кулов жана парламенттин бир катар депутаттары катышты.
«Мамлекеттин башчылыгына келе турган татыктуу талапкер аппараты эскичиликтен арылтып, жаңы кадрларды топтоп, алдыга туура маселелерди коюуну билиши зарыл», - деди Отунбаева.
Экс-президенттин айтымында, мамлекет башчысы эң негизинен соттук реформа жасай алган жана укук коргоо жаатын саясатташуудан арылткан адам болууга тийиш.
«Атамбаевди колдобогон адамга кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Айрымдары абакта отурушат. Биз мамлекет башчысын сындагандарга президенттин ар-намысын коргоо боюнча жазылган арыздардын санынан да жаңылып калдык. Мунун баары бийликти узурпациялоого жана саясий жоопкерчиликсиздикке алып келет. Башкача айтканда, туюк цикл пайда болду. Биз алдыдагы шайлоого душмандардай айыгышпай барууга аракеттенүүбүз керек», - деди Отунбаева.