Бишкек, “Саясат. kg”. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда “сурка” күнү башталганын жарыялады.
Бул тууралуу алдыда боло турчу шайлоо маселесине арналган жарандык форумда белгилүү болду. Форумду “Жарандык көзөмөл комитети” уюштурган. Аны уюштуруунун максаты - президенттик шайлоого даярдануу жана үгүт иштери ачык- айкын болушун камсыздоо.
Дебатка экс-президент Роза Отунбаева, экс-пермьер- министрлер Темир Сариев, Феликс Кулов жана парламенттин бир катар депутаттары катышты.
Текебаев абактан доклад жазып, аны аталган форумда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова окуп берди.
Ага караганда, Текебаев Кыргызстанга “сурка” күнү келди деп эсептейт.
Ошондой эле, саясатчы парламентти бийликти узурпациялоого жол бербөөгө чакырган.
Конституциядагы мыйзамдарга ылайык, парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү президентке артылган милдет, ал эми президенттик шайлоону уюштуруу менен өткөрүү парламентке тагылган жоопкерчилик экенин баса белгилеген Текебаев: “Бирок, акыркы убакта парламенттин милдети чектелди. Көптөгөн депутаттар саясий куугунтукка кабылып, дээрлик баары кылмыш иштеринин ачылышы тууралуу коркутуу алышып, саясий кысымга кабылышты”, - деген.
Андан ары Текебаев парламент депутаттарын тарыхый жоопкерчиликти алышып, саясий эрктерин көрсөтүүдөн тайманбоого чакырган. А оппозицияга дагы да конструктивдүү жана биримдикте болуусун каалаган.