Бишкек, “Саясат. kg”. Азырынча күнү так аныктала элек, бирок, ушул жылы болчу президенттик шайлоого өлкөдө бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлдү.
Бул тууралуу “Таза шайлоо- туруктуулуктун жана бийликти тынчтык жол менен өткөрүүнүн кепилдиги” аттуу тегерек үстөлдө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Айтымында, БШК өз кезегинде жарандар өздөрүнүн шайлоого катышуу укугунан толук пайдаланышына мүмкүнчүлүк түзөт.
“Шайлоо процессинде регулировканы талап кылган бир топ маселелер бар. Шайлоону уюштуруу иштериндеги убаракерчиликтен тышкары, талапкерлердин татыктуу атаандаштыгын да камсыздоо керек. Шайлоо реформасынын учурдагы этабы реалдуу саясий атаандаштыкка шарт түздү. Биз дагы тең салмактагы атаандаштыкты сактоого чакырабыз”, -деди Шайлдабекова.