“Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов президенттикке талапкер болчуларды “жигитчилик биригүүгө” чакырды.
Бул тууралуу ал алдыда боло турчу шайлоо маселесине арналган жарандык форумда билдирди. Форумду “Жарандык көзөмөл комитети” уюштурган. Аны уюштуруунун максаты - президенттик шайлоого даярдануу жана үгүт иштери ачык- айкын болушун камсыздоо.
Айтымында, келишимге 10го жакын эреже жазылып, аны президенттикке талапкерлердин баары сакташы зарыл.
“Ар бир маселе боюнча бардык талапкерлер катышкан ачык дебат өткөрүү керек”, - деп белгиледи Феликс Кулов.
Кулов талапкер болчулар жигиттик сапатын көрсөтүп, көрсөтүлгөн эрежелерди так жана туура сактоо зарылдыгын да кошумчалады.
Дебатка экс-президент Роза Отунбаева, экс-пермьер- министрлер Темир Сариев, Феликс Кулов жана парламенттин бир катар депутаттары катышты.